Колорадо: супермаркеттеги атышуудан 10 киши мүрт кетти

Healthcare workers walk out of a King Sooper's Grocery store after a gunman opened fire on 22 March 2021 in Boulder, Colorado

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

АКШнын Колорадо штатындагы Боулдер шаарындагы супермаркетте белгисиз киши ок чыгарып, он киши мүрт кетти. Каза тапкандардын бири полиция кызматкери. Ок чыгарган шектүү кармалганы кабарланды.

King Soopers дүкөнүндө жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30да ок атылган. Жыйырма минутадан кийин жергиликтүү полиция "Твиттер" аркылуу эскертүү берип, дүкөн жайгашкан райондун тургундарын этият болууга чакырды.

Ошондой эле полиция окуянын күбөлөрүн коомдук сайттарга түз чыгарбоого үндөдү. Бирок баары бир интернет колдонуучулардын бири окуяны чыгарып жиберген.

"Эмне болуп жатканын билбейм. Атышуулар угулуп жатат, кимдир бирөө жыгылды",-дейт видео тарткан күбө. Көп өтпөй эле окуя болгон жерге полиция келип, дүкөндү курчоого алып, шектүүнү кармады.

Видеонун түшүндүрмөсү, Тартып алынган кадрларда полиция бир кишинин колуна кишен салып алып баратканын көрүүгө болот

Тартып алынган кадрларда полиция бир кишинин колуна кишен салып алып баратканын көрүүгө болот. Ал бутунан жаракат алган сыяктуу, анткени аксап басып баратат.

Жергиликтүү полиция башчысы Марис Херольд учурда шектүү көзөмөл алдында ооруканада экенин тастыктады.

Октон каза тапкан 51 жаштагы полиция офицери Эрик Тэлли биринчилерден болуп окуя болгон жерге жетип келген. Полиция жетекчиси анын аракетин эрдик катары баалады.

АКШ президенти Жо Байден дагы окуя тууралуу кабардар экени белгилүү болду. Президент өткөн айда эле курал сатуу боюнча мыйзамды катаалдаштырууга чакырган эле.