ЕБ AstraZeneca вакцинасын коопсуз деп тапты, Киевде кайрадан локдаун

Published

Европанын дары-дармекти тескеген мекемеси Оксфорд университетинин AstraZeneca компаниясы менен биргеликте чыгарган вакцинасын коопсуз деп тапты. Буга чейин вакцина айрым бейтаптардын канын уютуп, тромб пайда болгону маалымдалган.

Мекеменин эксперттер тобу тромб менен вакцинанын ортосунда байланыш тапкан жок. Эми Германия, Франция, Италия жана Испания AstraZeneca вакцинасын кайрадан колдоно баштады.

Буга чейин Данияда AstraZeneca вакцинасы менен эмделген бир нече бейтапта тромб пайда болуп, бир киши каза болгон. Мындан улам Европанын бир катар мамлекеттери вакцинаны убактылуу колдонбой турууну чечкен.

Британиянын дары-дармекти тескеген мекемеси болсо AstraZeneca вакцинасы дыкат текшерилгенин, буга чейин тромб көйгөйү жаралбаганын билдирген.

"Тромб көп маселелерден улам пайда болушу мүмкүн. Британияда 11 миллиондон ашуун доза бейтаптарга берилди, мындай маселе жаралган жок",-деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы Oxford-AstraZeneca вакцинасынын тромб менен байланышы жок экенин билдирген.

Ага карабастан Германияда AstraZeneca вакцинасын алган бейтаптар арасында тромб пайда болгон учурлар өсүп жатат. Германия дүйшөмбү күнү вакцинаны убактылуу колдонбой турууну чечкен. Ал күнү жети бейтаптын каны уюп, алардын үчөө каза тапкан. Соңку маалыматка ылайык, 13 бейтапта тромб пайда болду. Алардын басымдуу бөлүгү 25 жаштан 63 жашка чейинки аялдар.

Бирок Европанын дары-дармекти тескеген агенттиги коронавирус түзгөн коркунучтан улам вакцинаны колдонууга үндөп жатат. Мекеме коронавирус түзгөн коркунуч вакцинанын кыйыр таасирлеринен кыйла олутту экенин билдирүүдө. Ошол эле учурда AstraZeneca вакцинасын кыйыр таасирлер арасында тромб жок экенин айтылууда.

Киев менен Парижде кайрадан локдаун

Эпидемиологиялык абал кескин курчуп кеткендиктен Киев 9-апрелге чейин карантин чектөөлөрүн киргизди.

20-марттан тарта Украинанын баш калаасында соода борборлор, ресторандар, музейлер, театрлар жана кинотеатрлар жабылат. Бирок коомдук транспорт мурдагы тартипте иштей берет. Бир гана автобус жана башка транспорттор 50 пайызга гана толушу шарт жана жүргүнчүлөр санитардык эрежелерди сакташы керек.

Учурда Киевдин ооруканаларында Covid-19 вирусун жуктурган 3300 бейтап жатат. Ооруканалар отуз гана пайызга толгон. Бирок Киев шаарынын мэри Виталий Кличко абалды тез арада колго албаса, анын кесепети оор болорун эскертти.

Буга чейин Украинанын саламаттыкты сактоо министри Максим Степанов өлкөнүн бардык аймактарына карантин киргизүү боюнча пландар жок экенин айтып, апрелдин аягына чейин вируска кабылгандардын саны өсөрү күтүлүп жатканын кошумчалаган. Соңку күндөрү Украинада беш миң киши вирусту жуктурду.

Дал ушундай кадамга Париждин мэриясы дагы барды. Ишемби күндөн тарта Парижде жана анын айланасындагы аймактарга чектөөлөр киргизилет.

Премьер-министр Жан Кастекс өлкө үчүнчү толкун менен күрөшүп жатканын эскертти. Францияда күнүнө 35 миң киши вируска кабылууда. Өзгөчө Париждеги абал курч. Бирок шаарда мектептер жана университеттер ачык бойдон калат. Бир гана дүкөндөр жабылып, Париж шаарынын тургундарына башка аймактарга саякаттоого тыюу салынат.