You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жер бетинде калган тырык: кен байлык издеген адамзат
- Author, Ричард Фишер жана Хавиер Хершфилд
- Role, BBC Future
- Published
Кен байлыктарын казып жатканда адам баласы тарыхтагы маанилүү бөлүктү жок кылат. Мунай, газ же алтын болобу, бул кендер миллиондогон жылдар бою жетилген. Эми заманбап жабдыктар менен алардын бир нече мүнөттүн ичинде казып алууга болот.
Адамзат жер алдында баалуу таштар бар экенин түшүнгөндөн бери кен казуу иштери жүрүп келет. Жер алдындагы минералдар күнүмдүк турмушта колдонулган буюмдарды өндүрүүгө пайдаланылат. Бирок ошол эле учурда алыскы аймактагы айлана-чөйрөгө терс таасир этет.
Кен шахталардын абалын көрүп көптөр таң калышы мүмкүн. Жада калса колуңуздагы телефон же компьютер бир учурда кылымдар бою таш болуп жер алдында жаткан минералдардан жасалган. Талап өсүп, улам жаңы технология, буюмду каалап турган чакта, алыскы аймакта жаратылыш талкаланып жатканын эстен чыгарбайлы.
Төмөнкү сүрөттөр кен казуунун изин жана айлана-чөйрөгө акырындык менен сиңген "калдыктарды" көрсөтөт. Жер алдындагы байыркы кендерди тарых деп карасак, анда адамзатты кейиштүү келечек күтүп турат.
Бардык сүрөттөрдүн автордук укугу корголгон.