You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Экологиялык катастрофа: Жер Ортолук деңизге төгүлгөн мазут
Израил өлкө тарыхындагы эң ири экологиялык катастрофага туш болгонун айтууда. Ондогон тонна мазут Жер Ортолук деңизге төгүлүп, жээктер булганды.
Миңдеген ыктыярчылар жана аскерлер жээк аймактарын мазуттан тазалоого умтулууда. Ага карабастан кырсыктын кесепетин жапайы жаратылышка оңбогондой зыян алып келди. Эмитен эле мазуттан улам өлгөн ташбака, балык жана куштар табылды.
Израилдин бийлиги кырсыктын себебин аныктоо аракетин көрүүдө. Өкмөттүн мазут жүк ташыган кемеден деңизге төгүлгөн деген жоромолу бар.
Мазут 190 чакырымга чейин жээкти булгаган. Жергиликтүү бийлик тазалоо иштерине бир нече ай же жылдар кетиши мүмкүн экенин эскертүүдө.
Өкмөт жергиликтүү тургундарды жээк аймакка баруудан жана деңизге түшүүдөн карманып турууга чакырды.
11-февралда аймакта катуу бороон болгон. Дал ушул учурда кемелердин бири мунайды деңизге төккөн болушу ыктымал. Ал учурда кеме жээктен 50 чакырым алыста жайгашкан эле. Спутниктен алынган сүрөттөрдү териштирип, мазутту кайсыл кеме төккөнү аныкталууда.
Айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гамлиел бороон маалында тогуз кеме аймакта болгонун билдирди. Кайсыл кеме мазутту төккөнү аныкталганда, Израил жүк ташыган компанияны сотко берет. Компания миллиондогон доллар айып пул төлөп калышы ыктымал.
Өткөн бейшемби күнү Израилдин жээгине узундугу 17 метр болгон кит жуулуп чыкты. Анын курсагынан майлуу кара зат табылды. Адистер киттин өлүмү мазут кырсыгына байланышы барбы деген суроонун үстүнөн иш алып барууда.