You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Капитолий басып алынгандагы жаңы кадрлар, вице-президентке кол салуу аракети
Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча айыптоочу катары сүйлөгөн демократтардын өкүлдөрү Сенаттагы угууда 6-январда Капитолий басып алынгандагы жаңы кадрларды көрсөттү.
"Капитолийге чабуул жасоо пландалган, атайын жасалган чакырык",-деди тасмага комментарий берип жаткан конгрессмен Эрик Свалвелл.
Сенаторлорго көрсөтүлгөн кадрларда Трамптын тарапташтары имараттын кире беришиндеги полициянын тосмосун жарып өтүп, айнек эшиктерди талкалайт. Бул Сенаттын имаратына коюлган видео байкоолорго түшүп калган. Тасма Федералдык иликтөө кызматынын колунда болуп, мурда эч жакка жарыяланган эмес.
Имаратка бастырып киргендердин айрымдары алардын максаты вице-президент Майк Пенсти өлтүрүү экенин айтышат. Муну алар Пенс шайлоонун тыянагын кайра карап чыгуу боюнча Трамптын айткандарын аткарбады деп түшүндүргөн.
Сенаттагы жыйында АКШнын атайын кызматы Капитолий басып алынгандан 37 минутадан кийин вице-президентти, жубайын, кызын жана бир тууганын коопсуз жайга алып чыгып кеткени белгилүү болду.
Конгресстеги демократтар муну Трамп тарапташтарын шыкактоо менен мамлекеттеги жогорку бийлик адамдарына жана мыйзам чыгаруучулардын өмүрүнө реалдуу коркунуч жаратканына бир далилил катары көрсөтүүдө.
Импичмент жараяны ушул аптанын соңуна чейин уланат. Бүгүн Трамптын өкүлдөрү сөз сүйлөйт.
6-январда Конгресс өкүлдөрү Байдендин президенттик шайлоодо жеңгенин тастыктаганы жатканда, демонстранттар полиция менен кагылышып имаратка кирип барышкан. Бул тополоңдо Трамп тарапташтарын шыкактаган деген айып тагылып, ал президенттиктен кеткенине карабай импичмент жарыялоо маселеси коюлду. Демократтарды айрым республикачылар дагы колдоп жатат. Бирок мындай доону Трамп кескин четке кагууда.