You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусиянын вакцинасы 92 пайызга натыйжалуу болуп чыкты
Абройлуу The Lancet журналы Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү баскычтагы клиникалык сыноонун жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы 92 пайыз натыйжалуу.
Медицина багытындагы журнал вакцина коопсуз жана Covid-19 вирусунан натыйжалуу коргойт деген тыянак чыгарды.
Орусия "Спутник V" вакцинасынын клиникалык сыноолору жыйынтыктала электе эле аны жапырт эмдөө үчүн колдонгону талкуу жараткан. Эми окумуштуулар клиникалык сыноолор жыйынтыкталганын жана ал коопсуз деп саналган Pfizer, Oxford/AstraZeneca, Moderna жана Janssen вакциналарынын катарына кошулганын айтышууда.
"Спутник V" Британияда чыгарылган Oxford/AstraZeneca менен Бельгияда жасалган Janssen вакциналарына окшош иштейт. Вакцина алсыздандырылган сасык тумоо вирусунун жардамы менен коронавирустун бир бөлүгүн иммундук системага жеткирет. Ал аркылуу иммундук система вируска каршы күрөшүүнүн жолун үйрөнүп алат.
Эмдөөдөн өткөн киши коронавируска каршы антитулкуларды иштеп чыгат. Демек, дене чыныгы вируска туш келсе, иммундук система чабуулга өтөт.
"Спутник V" вакцинасын сактоо жана алыскы аймактарга жеткирүү дагы кыйла жеңил. Вакцина 2-8 градуста сакталышы керек. Башкача айтканда, кадыресе муздаткыч жарайт.
Вакцинанын эң чоң айырмасы, эмдөө жараянында вакцинанын эки башка түрү колдонулат. Алгачкы жолу вакцина алгандан кийин 21 күндүн ичинде экинчи жолу эмдөөдөн өтүү зарыл. Вакцинанын экинчи дозасы биринчисинен башка формуланы колдонот. Эки формула тең коронавирустун найзадай болгон протеиндерине чабуул коет, бирок бир аз айырмаланып турган формулалар иммундук системанын вируска каршы күрөшүүсүн күчөтөт жана узак мөөнөткө таасир этет.
Дарынын кыйыр таасирлери бар. Мисалы, булчуңдар ооруп, алсыз болуп же дене табы көтөрүлүшү ыктымал. Бирок алар тез эле жоголуп кетет. Клиникалык сыноо учурунда вакцинага байланыштуу өлүм-житим катталган эмес.
Учурда "Спутник V" вакцинасы Орусиядан тышкары төмөнкү өлкөлөрдө колдонулууда:
- Аргентина
- Палестина
- Венесуэла
- Венгрия
- Бириккен Араб Эмирлиги
- Иран
Профессор Иан Жоунс менен Полли Рой "Спутник V" кескин сынга алынганы менен илимий сыноолор вакцина натыйжалуу экенин так көрсөттү деп айтууда.
"Бул вакцина Covid-19 вирусуна каршы күрөштө тез арада колдонула башталышы керек",-деп айтты профессор Иан Жоунс.
Вакцина карыяларга жана жаштарга дагы таасир эткен, ошондой эле биринчи дозадан кийин эле вируска туруштук бергени айтылууда.