You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирустун британ штаммы Өзбекстанга жетти
Өзбекстанда коронавирустун британдык штаммы биринчи жолу аныкталды. Бул мутация Араб эмираттарынан ата-энеси менен учуп келген он жашар кызды текшергенде чыккан.
Өзбекстанда коронавирустун жайылышы өткөн суткада 44 гө көбөйдү, бул мурунку күндөн көбүрөөк. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына карагагнда, пандемия башталгандан бери бул ооруга чалдыккандар 78 миңден ашты. Ошол эле убакта анын 98% айыгып чыкты. Ал эми вирустан каза тапкандар 634 адам. Бирок өткөн сегиз күндөн бери коронавирус инфекциясынан улам козголгон оорулардан бир дагы өлүм-житим болгон жок. Ошентсе да азыркы убакта стационарда жаткан 900дөн ашык оорулуунун ичинен 152 абалы оор, отузунуку өтө оор.
Бирок баарынан кабатыр кылган маалымат, коронавирустун британдык штаммы Өзбекстанга да келди. Бул мутация БАЭден ата-энеси менен учуп келген он жашар кыздан табылды.
"Бизде Өзбекстанда 30-январда британ штаммын каттоого алышты. Бир апта мурда Дубайдан учуп келген он жашар кыздан чыкты. Ал кызды кетирбей кармап турушуп, кайра текшергенде британдык штамм экени анык болду. Ошол эле убакта Өзбекстанда дүрбөлөң жок, баары беткапчан. Адамдар сарсанаа болгон жок, коронавируска тийштүү бардык дарылоо иштери болуп жатат, дарыгерлердин колдору көнүп тажрыйбасы артты. Кабатыр болууга негиз жок. Тынч, кудай буюрса, дарыгерлер да камтама эмес, анткени тажрыйбалуу болуп калышты. Баары жакшы болот деген үмүттөбүз. Британ штаммынын кандай белгилери болорун бардык жерде эскертип, ошол белгилери болсо ошондой сезсеңиз, дароо дарыгерлерге кайрылгыла деп жатышат. Балдарыбыз мектепке барып атат",-деди Би-Би-Сиге Ташкендин тургуну Юлдуз.
Ошол эле убакта санитардык-эпидемиологиялык абал жакшы деп айтылууда, ошол себептүү коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 28-январдан баштап концерттик оюн-зоок иш чараларына уруксат берди, кафе-ресторандарга убакыт чектөөлөрү жоюлду.
Анткен менен бүт өлкө боюнча беткап кийүү, социалдык аралыкты кармоо талаптары сакталууда. Ошондой эле көп киши чогулган массалык иш чараларды өткөрүүгө, түнкү клубдарга, дискотека, компьютердик клуб, караоке, бильярд сыяктуу жайларга иштегенге уруксат жок. Тойлорго чакырылган меймандар отуздан ашпоого тийиш. 65 жаштан улуу адамдарга өзүнчө обочодо болуу сунуш кылынган.
Өзбекстан биринчи октябрдан тарта эл аралык аба каттамдарынын баарын жандантып, бардык өлкөлөргө жана туристтерге чек арасын ачкан эле. (КС)