You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Пара берип келген": Samsung жетекчиси 2,5 жылга соттолду
Сеулдун Борбордук округунун соту Samsung Electronics корпорациясынын вице-президенти Ли Чжэ Ёнду эки жарым жылга кести.
52 жаштагы бизнесмен өлкөнүн экс-президенти Пак Кын Хеге пара берген деп айыпталды. Түштүк Корея мурдагы президентти коррупция боюнча айыптап бийликтен четтетип, камакка алган.
Соттук угууда Samsung Electronics компаниясы өлкөнүн мурдакы президентинин жакын курбусу Чхве Сун Силь башында турган фонддорго 43 млрд вон (37,7 млн доллар) бергени белгилүү болду.
Samsung негизделген 1938-жылдан бери бир гана үй-бүлөнүн көзөмөлүндө. Анын негиздөөчүсү Ли Бён 1987-жылы көз жумгандан кийин уулу Ли Гон Хи жетектеди. 27 жыл ичинде компанияны дүйнөлүк гигантка айландырган.
2014-жылы Ли Гон Хи инфаркт болуп, кийин кайтыш болду. Ошол маалда башкаруу ишин уулу Ли Чжэ Ён колуна алган.
Төрт жыл мурун Ли Чжэ Ён өлкөнүн мурунку президенти Пак Кын Хе аралашкан коррупция жаңжалга байланыштуу айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган эле. 2018-жылы Түштүк Кореянын апелляциялык соту Ли Чжэ Ёндун беш жылдык абак мөөнөтүн эки жарым жылга кыскартып, аны абактан бошоткон.
Ли Чжэ Ён өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, курмандык болуп калганын айткан. Бирок сот өкүмүндө "активдүү түрдө пара бергени" көрсөтүлгөн.
2008-жылы Ли Гон Хи дагы коррупциялык иликтөөлөрдүн фонунда кызматынан кетип, эки жылдан кийин кайтып келгени бар. Ал эми уулунун сот иши болсо 2017-жылдан бери уланып келүүдө.
Бизнесмен сот өкүмүнөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Аны сот залынан эле камакка алышты. Ал буга чейин абакта бир жыл олтурган. Эми 18 айдан кийин эркиндикке чыгат. Коррупциянын күрөшкерлери сот чечимин кубаттады. Ал эми экономисттер жана ишкерлер өлкөдөгү эң ири Samsung компаниясы үчүн тынчсыздануусун билдирүүдө.
"Бул чыны менен эле Samsung үчүн оор сокку жана терең кризис",-деген Франс пресс агенттигине Сеул университетинин экономика боюнча профессору Ким Тэ Чжун.
Samsung акциялары дароо эле 4 пайызга түшүп кетти. Түштүк Кореяда коррупцияга болгон мамиле өтө катаал.
Samsung - дүйнөдөгү эң ири жогорку технологиялык электрониканы, мобилдик телефон, телевизор, монитор, турмуш-тиричилик буюмдарын өндүргөн компания эсептелет.