You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирустун жаңы штаммын токтотууга азыркы чаралар жетишсиз
Covid-19 дүйнөдө 1,9 млн кишинин өмүрүн алды. Вирусту жуктуруп алгандар 87 млн кишиден ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс университети кабарлады.
Айрым өлкөлөрдө жапырт эмдөөнүн башталганы чоң үмүт берүүдө. Бирок азырынча пандемияга таасир бере тургандай сандагы киши эмделе элек.
Европа
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бөлүмү коронавирустун жаңы штаммына азыркы чаралар жетишсиз экенин эскертти. Азыркы маалда 230 млн чамалуу европалыктар ар кайсыл деңгээлдеги чектөө чаралары менен жашап жатат.
Уюмдун регионалдык директору Ханс Клюгенин айтымында, азыркы кырдаал чечүүчү болуп калышы мүмкүн. Ушундан кийин вирустун тарашы басаңдайт же күчөйт.
"Өтө татаал кырдаал жаралды. Оор абалда калган улуттук саламаттыкты сактоо кызматтарын жеңилдетүү үчүн биз жаңы чараларды кабыл алышыбыз зарыл",-деди ал.
Клюге белгилегендей, вирустун жаңы штаммынын оор деле симптомдору жок. Бирок өтө тездик менен жайылууда.
Уюмдун сунуштаган сактык чаралары мурункудай эле: беткап, социалдык аралык, карым-катнашты азайтуу, колду жууп туруу. Мындан сырткары тест алуу, карантин, эмдөө жыйынтык алып келиш үчүн ар бир киши, ар бир өлкө эрежелерди бекем карманышы керек. Албетте, бул оңой нерсе эмес.
Германиянын бийлиги "азыркы маалда бир аз эле бошоңдой түшсөк, келечегинде катаал чектөө чаралары узакка созулуп калышы мүмкүн" деп эскертип, эрежелерди так сактоого үндөдү.
Германия сыяктуу эле Европанын башка өлкөлөрү дагы коронавирус пандемиясынын экинчи толкунун токтотуп калууда натыйжалуу күрөш жүргүзө алган эмес.
Улуу Британияда эмдөө программасына аскер дарыгерлери дагы тартылды. Кырдаал опурталдуу болуп турат. Адистердин айтымында, эгерде өтө оңой жуккан британдык штамм жайылып кетчү болсо, катаал карантин чаралары аны токтото албай калышы мүмкүн.
Вируска кабылып ооруканага түшкөндөр саны жаздагы эпидемия өтө курч болгон мезгилден 40 пайызга көп.
Британиянын Улуттук статистикка кызматы Рождество (25-декабрь) менен Жаңы жыл ортосундагы алты күн ичинде миллион чамалуу киши коронавирус жуктуруп алганын айтты.
Эми чоң үмүт эмдөөдө болуп жатат. Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясы чыгарган вакцина дагы ооруканаларга келип түшө баштады. Алдыда эмдөө жүргүзө турган дагы бир нече борбор ачылышы күтүлүүдө.
Азыркы маалда Британияда 1,3 млн, Германия - 265 миң, Италияда - 128 миң, Францияда 516 гана киши эмдөөдөн өттү.
Азия
Жапониянын өкмөтү баш калаа Токио менен анын жака белиндеги аймактарга бир айлык өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Жаңы чаралар пандемия башталган маалда киргизилгендей эле катаал болду.
Жапон премьер-министри Йосихидэ Суга өзгөчө жаштарга кайрылып, эрежени сактоого чакырды. Токио катталган жаңы учурлардын жарымы 30 жаштан төмөнкү курактагыларга туура келет.
"Эрежени сактагыла деп суранам. Муну менен силер ата-энеңердин, чоң ата, чоң энеңердин, досторуңардын өмүрүн сактайсыңар",-деди Суга.
Бир суткада Токиодо 2447 жаңы учур катталды. Жалпысынан алганда Жапония эпидемиядан эң аз жабыр тарткан өлкөлөрдүн бири саналат. Алар этияттык чараларын катуу карманууда.
Кытайдын Хэбэй провинциясынын борбору Шицзячжуан шаарында оорунун жаңы белгилери менен 50 учур катталды жана 67 кишиден эч кандай симптомдору жок эле вирус аныкталган.
Шаар бийлиги темир жол бекетин жана шаарлар ортосундагы автобус каттамын жапты. Андан сырткары мектептер жабылып, көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришине көзөмөл киргизилди. Кытайдын ЖМКлары провинциядагы негизги автомагистралдын бөгөлгөнүн жазышты.
Кыргызстан
Кыргызстанда соңку суткада 165 киши коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Эки бейтап көз жумган.
Пандемия башталгандан бери 81 991 киши вирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Расмий маалыматтарда алардын ичинен 77 547 киши айыгып кеткени айтылат. Илдеттен көз жумгандар 1365 кишиге жетти.
Ушул апта соңунда Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өткөнү жатат. Санитардык эрежелерди сактоо чакырыктарына көптөр маани бербей жатканы тынчсыздандыра турган көрүнүш дейт саламаттыкты сактоо тармагы боюнча эксперттер. (AbA)