Бош калган аянттар, беткапчан кишилер: Дүйнө 2021-жылды кандай тосту?

Published

Дүйнө 2021-жылды тосуп алды. Көпчүлүк чоң шаарлардагы майрамдык көрүнүш мурдагы жылдарга такыр окшобойт. Коронавирус пандемиясынан улам айрым өлкөлөрдө массалык майрамдоого тыюу салынды. Кээ бир өлкөлөрдө катаал карантин чаралары киргизилди. Тургундарга топтолууга уруксат берилген жок.

Жаңы жылды белгилөөгө уруксат берилген өлкөлөрдө кишилер беткап менен көчөгө чыкты. Быйылкы Жаңы жыл майрамындагы урунтуу учурлардын сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.

Салтка айлангандай эле Лондондо фейерверк атылып, лазер менен шоу өткөрүлдү. Британ баш калаасынын асманында 300 дрон ар кандай фигураларды түшүрдү. Алар өткөн жылдагы маанилүү окуялдарга арналды. Анын ичинде Covid-19 менен күрөш жана Black Lives Matter кыймылынын жүрүштөрүнө арналды.

Парижде элдин массалык түрдө көчөгө чыгып майрамдашына жол бербөө үчүн миңдеген полиция кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөдү.

Коронавирус пандемиясы Уханда башталган.

Дубайда дүйнөдөгү эң бийик имарат Бурж-Халифада салют атылды.

*