You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жо Байден түз эфирде коронавируска эмделди
АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден түз эфирде коронавируска эмдөөдөн өттү. Өлкө бийлиги америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech иштеп чыккан коронавирус вакцинасын колдонууга уруксат берген. Байден бул аркылуу вакцина коопсуз экенин элге көрсөтүүгө аракет кылды.
"Кимге эмдөө сунушталса, анда алар дагы менин артымдан келүүгө даяр болушу керек",-деди Байден. Улуттук эмдөө боюнча программаны баштаганы үчүн Трамптын администрациясы "мактоолорго" арзый турганын кошумчалады.
Мунун алдында Жо Байдендин жубайы Жилл эмдөөдөн өткөн. Ал эми болочоктогу вице-президент Камала Харрис кийинки аптада жолдошу менен чогуу келип эмдөөдөн өтмөкчү.
Жекшембиде АКШга Moderna компаниясы өндүргөн вакцина дагы жеткириле баштады. Өкмөт бул вакцинаны колдонууга да уруксат берди. Жалпысы болуп өлкө боюнча жарым миллион киши эмделди.
Pfizer вакцинасын Британия жана Канада сыяктуу бир катар өлкөлөр тастыктаган. Жапырт эмдөөнү Орусия дагы баштап, өзү өндүргөн "Спутник V" вакцинасын колдонууда.
Жапырт эмдөө өткөрүүдөгү көйгөйлөрдүн бири - калктын айрым бөлүгү эмдөөгө ишенбеген көз карашта. Алар эмдөөдөн баш тартууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "эмдөөгө каршы кыймылдарды" глобалдык саламаттыкка байланышкан негизги он коркунучтун бири катары көрсөткөн.
Улуу Британияда калктын болжолу 36 пайызы эмдөөгө ишенбейт же макул эмес деп айтылат. Мунун баары туура эмес маалыматтардын кесепетинен. Барган сайын тескери маалыматтардын агымы күчөдү. Ошондуктан калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү дагы маанилүү. Айрымдар вакцина өтө кыска аралыкта иштелип чыкканына дагы күмөнсүп жатышат деп белгилейт адистер. (AbA)