Covid-19 вакцинасын алган кыргызстандык мигрант

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Декабрдын биринчи аптасынан тарта Орусияда Covid-19га каршы массалык эмдөө жүрүүдө. Вакцина алгач 18ден 60 жашка чейинки курактагы медицина кызматкерлери, мугалимдер жана социалдык кызматкерлерге сунушталат деп айтылган. Андан тышкары вакцина ыктыярдуу түрдө берилүүдө.

Орусиянын Гамалея атындагы улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары өздөрү иштеп чыккан "Спутник V" вакцинасы вирустан 92 пайыз коргой турганын жарыялаган.

Жаңы вакцинаны биринчилерден болуп алгандардын арасында кыргызстандыктар дагы бар. Биз алардын бири 65 жаштагы Эркман Макеновду кепке тарттык. Ал жубайы Роза Адышева экөө тең Москвада мыйзамдуу иштеп жаткандыктан вакцина алуу тууралуу кабарлоо аларга да келген. Бирок алдын ала анализ жана баарлашуунун жыйынтыгынан улам Роза Адышевага вакцина алууга болбойт деген тыянакты беришкен.

"Кечээ күнү эмдөөдөн өттүм. Анын алдында кан басымды, дене табын текшерди. Мунун алдында кан дагы тапшырганбыз. Кан алып изилдегенден кийин кээ бир кишилер вакцинаны алганга болбойт деп бүтүм чыгарышат экен. Меникин эмдөөгө болот деп тастыкташты. Вакцина кичинекей эле айнек шишеде экен. Тырс эткизип сындырып туруп эле, колдун булчуңуна сайды. Эч кандай ооруксунткан деле жок. Бирок айрым кишилерде башкача өтөрүн айтып жатышат. Кускусу келип, дене табы көтөрүлөт экен. Алар ошого жараша дары ичсе болот деп айтышты. Сайгандан кийин эмне болоор экен деп, жатарга чейин өзүм байкоо салдым. Эч кандай өзгөрүү сезгеним жок. Кээ бирөөнүн болсо башы, муундары дагы ооруйт экен. Кандай уктайт болдум экен деп санаа тарттым эле. Аябай эле тынч жаттым. Чынын айтайын, өмүрү мындай уктай элек болчумун. Мурдагыга салыштырмалуу кыйла кеч ойгондум. Ойгонсом түш болуп кетиптир. Азыр табитимди да байкап жатам, өзгөрүү жок. Вакцина алардын алдында кан, былжыр челден үлгү алган соң окугула деп берген кагазын абдан кунт коюп окуп чыгуу зарыл. Ошондо ийне-жибине чейин жазылган",-деп айтып берди Э. Макенов.

Коронавируска каршы вакциналар арасында "Спутник 5" тууралуу маалымат абдан аз. Эл аралык окумуштууларга клиникалык сыноолордун жүрүшү жана жыйынтыгы боюнча маалымат берилген эмес. Изилдөөчүлөр чектелген информация гана колго тийгенин белгилешкен.Эмделгендер 21 күндөн кийин экинчи жолу кайрадан өтөт. Э. Макеновдун айтымында, эмделген ар бир киши тизмеге алынып, 180 күн дарыгерлердин байкоосунда турат деп эскертишкен. Вакцина акысыз берилген. Маектешибиз вакцина сайылардан мурун үч күн жана эмделгенден кийин дагы үч күн алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынарын айтып берди.

"Биз жолдошубуз экөөбүз Москвада иштейбиз. Документтербиздин баары мыйзамдуу болгондуктан вакцина алсаңар болот, мажбурлоо жок деп түшүндүрүштү. Бизге келген дарыгерлерге мурда онкологияга кабылып, Түркияда операция болгонумду, бир нече жолу химиотерапия алганымды айттым. Алар бул вакцина козгошу мүмкүн экендигин айтып, мага уруксат беришкен жок. Кечээ жолдошум вакцина алганы барса кезекте тургандар кыйла эле көп экен. Биз сыяктуу ар башка мекемеде иштегендер атайын автобус ташылып келген окшойт деп болжоп жатат. Домодедово деген райондон алышты",-деди жубайы Роза Адышева.

Учурда коронавируска каршы дүйнөдө үч вакцина иштелип чыкты. Британия, АКШ жана Орусияда жапырт эмдөөгө уруксат берилди. Ошол эле маалда вакцина албагыла деген чакырыктар дүйнөнүн булуң-бурчунда айтылууда. Көптөр вакциналар өтө кыска мөөнөттө даярдалганына күмөнсүп жатат. Европада айрым окумуштуулар "биринчи болууга" умтулган компаниялар жана өлкөлөр процедураларды толук сактабай жатат деген дооматтарын айтышууда.