Дональд Трамп: жакында коронавируска каршы вакцина даяр болот

Published

АКШнын аракеттеги президенти Дональд Трамп менен Демократиялык партиядан президенттикке талапкер, мурдагы вице-президент Жо Байден үгүт иштеринин алкагында өткөрүлгөн акыркы дебатка катышты.

Мурдагы дебатта президенттикке талапкерлер бири-биринин сөзүн бөлүп, бири-бирине маданиятсыз мамиле кылган. Андан улам дебатты уюштурган комиссия аргасыздан эрежелерди дагы өзгөрттү.

Бул жолу атаандаштар бири-бирине сылык мамиле кылышты жана дискуссиядагы биринчи тема коронавируска каршы күрөш жөнүндө болду.

Президент Трамп абал турукташканын жана региондордо вируска кабылгандардын саны кыскарып жатканын айтты.

"Биздин колдо вакцина бар, ал даяр. Алдыдагы апталарда бул тууралуу жарыя болот",-деди Трамп. Ошондой эле эмдөө жүрүмүнө аскерлер тартылат деп кошумчалады.

Дебат учурунда президент Трамп өзү дагы Covid-19 вирусуна кабылып, андан сакайганын айтты. АКШнын лидери вируска кабылгандардын 99 пайызы сакайганын билдирди.

Байден болсо АКШ вируска кабылгандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турганын айтып, жылдын аягына чейин 200 миңге чукул киши вирустан көз жумушу ыктымал экенин белгиледи. Демократиялык партиядан талапкер АКШ президентинин кризисти жайгарууда так стратегиясы жок деп айыптады.

Трамп менен Байден улуттук коопсуздук боюнча дагы тирешти. Дебаттын алдында АКШнын атайын кызматтары Орусия менен Иран президенттик шайлоого кийлигишүүгө аракеттенип жатканын маалымдаган. Байден шайлоого кийлигишүүгө аракеттенген мамлекеттерге катаал жооп болорун эскертти.

"Алар АКШнын көз карандысыздыгына кол салып жатышат",-деп айтты Байден. Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Орусия Трамптын жеңишке жетишин каалайт деп кошумчалады.

Трамп болсо ал Орусия менен Кытайдан акча алды деген дооматтарды четке какты. Тескерисинче, Байден Кремлден акча алганын билдирди.

"Жо Орусиядан 3,5 миллион доллар алды. Ал акча түздөн-түз Путинден келген. Сен 3,5 миллион доллар алдың, сенин үй-бүлөң 3,5 миллион доллар алды. Бир күнү бул боюнча түшүндүрмө берип каласың. Бир дагы лидер Орусияга карата мендей катаал саясат жүргүзгөн жок",-деди Трамп.

АКШнын лидери Орусия түзгөн коркунучтан улам НАТО уюмуна мүчө мамлекеттерди коргонууга жумшалган каражатты көтөрүүгө көндүргөнүн кошумчалады.

Байден өз кезегинде бир дагы мамлекеттен бир тыйын акча албаганын белгиледи.