Орусияда коронавируска даярдалган орундардын 90 пайызы толду

Published

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканалардагы коронавируска кабылган бейтаптар үчүн даярдалган орундардын дээрлик 90 пайызы толду деп билдирди. Ооруканага кабылгандардын суткалык көрсөткүчү өсүүдө.

Бир суткада 8 232 жаңы учур катталган. Бул бир күн мурунку көрсөткүчтөн 97 бейтапка көп жана 15-июндан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Москвада бир суткада 23 бейтап каза тапты.

Орусияда 17 күндөн бери коронавирусту жаңы жуктургандар саны өсүүдө. 19-сентябрда 6 миңден ашса, 25-сентябрда 7 миң ашуун кишиден аныкталды.

Баш калаа Москвада орто мектептер 5-октябрдан тарта эки аптага жабылат. Covid-19 жуктургандар саны кескин өсүп кеткенден кийин шаардын мэри ушундай буйрук чыгарууга аргасыз болду.

Дүйшөмбү күнү Москванын өзүндө 2 217 жаңы учур катталган. Бул 2-июндан берки эң жогорку көрсөткүч.

Өткөн аптада эле орус бийлиги эч кандай карантин чаралары киргизилбей турганын айтып жаткан. Бирок бир күндө өлкө боюнча 8 миң жаңы учур катталгандан кийин этияттык чаралары көрүлө баштады.

Орусия президенти Владимир Путин санитардык эрежелерди сактоого чакырды. Дарыгерлердин сунушуна көнүп, кайрадан жаздагыдай катаал карантинде олтуруп калбаш үчүн ар бир жаран эреже сакташы керектигин эскертти.

"Коронавирустун тарашына каршы күрөш бүтө элек, тобокелчилик сакталууда",-деди орус лидери.

Өткөн апта соңунда Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин мүмкүн болушунча кызматкерлерди үйдөн иштетүү сунушу беш миңден ашуун москвалык компанияларга жолдонгон. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымат тараткан. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана кишилердин карым-катнашын азайтуу аракетинен улам ушундай чараларга барып жатышат.

Адистер вирустун кайрадан күчөп кетишин эки себептен улам деп түшүндүрүүдө. Биринчиси, сезонго байланыштуу. Экинчиси, карантин чаралары алынгандан кийинки карым-катнаштын жанданышы. Дарыгерлер Москва шаарынын тургундарынын 24-25% коронавируска иммунитет бар деп айтууда.