Москва коронавирустун экинчи толкунун күтүүдө

Published

Акыркы аптада Орусияда коронавирустун жаңы учурлары көп катталууда. Июндун соңунан бери биринчи жолу Москвада миңден ашуун киши Covid-19 жуктуруп алганы аныкталды. Ооруканага түшкөндөр саны бир күндө болжолу 30 пайызга көбөйгөн.

Шаардын мэри Сергей Собяниндин мүмкүн болушунча кызматкерлерди үйдөн иштетүү сунушу беш миңден ашуун москвалык компанияларга жолдонгон. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Мындай сунуш өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана кишилердин карым-катнашын азайтуу аракетинде көрүлүп жатат. Москванын бийлиги улгайган жана өнөкөт оорусу бар кишилерге кайрадан карантин киргизүүнү караштырууда.

Жон Хопкинс университети дүйнөдө коронавирус эпидемиясы башталгандан бери вирус 32 миллион кишиге жукканын ырастады. Анын ичинен 980 миң ашуун киши кайтыш болгон.

Европа Биримдигинин саламаттыкты сактооо боюнча комиссары Стелла Кириакидис Covid-19 жуккан жана андан каза тапкандар көрсөткүчү кайрадан жогорулап жатканын айтып, жаздагы көрсөткүчтөр кайталанышы мүмкүн деген кооптонуу бар экенин белгиледи. Көп өлкөлөр кайрадан карантин киргизүү коркунучуна кептелди. Бирок ЕБ мамлекеттери азырынча муну алдын алууга мүмкүнчүлүгү бар дейт.

Окумуштуулар экономикасы өнүккөн тогуз өлкөнүн( Гонконг, Жапония, Жаңы Зеландия, Сингапур, Түштүк Корея, Германия, Норвегия, АКШ, Испания, Улуу Британия) карантинден чыккан тажрыйбасын карап чыгышты. Жыйынтыгында чектөөлөрдү жумшартууда өкмөттөрдү беш негизги факторду эске алууга чакырышты. Изилдөө жыйынтыгы Lancet журналына жарыяланган.

Бул факторлор: инфекциянын тарашы боюнча так маалыматка ээ болуу, калктын катышуусу жана калктын саламаттыгы, саламаттыкты сактоо тармагынын потенциалы жана чек араны көзөмөлдөө чаралары.

Кыргызстанда дагы соңку бир айдагы жогорку көрсөткүч катталды. 25-сентябрда 175 кишиден коронавирус аныкталган. Өлкөдө парламенттик шайлоонун үгүт иштери жүрүүдө.