Орусия: тогуз күндөн бери коронавирус жуктаргандар саны өсүүдө

Published

Орусияда коронавирусту жаңы учурлары июндагы жана июлдагы жогорку чекке жетти. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн штаб Covid-19 аныкталган учурлар тогузунучу күн катарынан жогору болуп жатканын билдирди. 6 215 кишиден вирус аныкталып, 160 бейтап каза тапкан.

Бул соңку эки ай ичиндеги жогорку көрсөткүч. 31-июлда коронавирустан 161 бейтап каза тапканы катталган эле. Ал эми 6 234 жаңы учур аныкталганы 18-июлда болгон.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 1 115 810 учуру катталып, 917 949 бейтап айыгып кеткен. Расмий маалыматтарда 19 649 бейтап көз жумганы айтылат.

Роспотребнадзор буга дүрбөлөң түшүүгө негиз жок жана мындай болушу күтүлгөн деп билдирди. Адистер муну күздөгү социалдык байланыштардын көбөйгөнү менен түшүндүрүүдө.

Вирус жуктуруп алгандар арасында губернаторлор дагы бар. Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин төмөнкү палатанын он депутаты Covid-19 менен ооруканага түшкөнүн билдирди.

"Пандемияга байланыштуу керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумунда дагы өзгөрүүлөр болуп жатат. Маселен, соода борборлоруна мурдагыдай эс алуу үчүн эмес, зарылчылык болсо гана кирип жатышат",-деп жазды CBR аналитиктерине шилтеме берген РБК басылмасы. Ал ортодо Орусияда дагы бир вакцинаны клникалык сыноодон өткөрүүгө белсенүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ күнү Орусия бир катар өлкөлөр менен аба каттамдарын жанданткан. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар.