You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Эрдогандын жубайы дүйнөдөгү эң таасирдүү 10 мусулмандын катарында
Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган дүйнөдөгү эң таасирдүү 10 мусулмандын (INSPAD) катарында аталды.
Эмине Эрдоган Тынчтык жана өнүгүү институту (INSPAD) негиздеген эл аралык "Тынчтык-2020" сыйлыгын алып, тааасирдүү мусулман ишмерлеринин рейтингиндеги ондукка кирген. Бул тууралуу түркиялык Anadolu агенттиги кабарлады.
Уюм Түркиянын биринчи айымы социалдык чөйрөдө, маданият, искусствону өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнү коргоо жана аялдар укугу боюнча салым кошту деп белгилеген. Төрт баланын энеси 65 жаштагы Эмине Эрдоган 2014-жылдан тарта биринчи айым.
Бул сыйлык түрдүү тармактарда ийгилик жараткан дүйнөдөгү мусулман ишмерлерге ыйгарылат. Эмине Эрдогандан тышкары тизмеде Бахрейндин Аялдар кеңешинин төрайымы Шайха Нура Аль Халифа жана Малазиянын экс-премьери Махатхир Мухаммад бар. Ошондой эле Дүйнөлүк мусулман лигасынын башкы катчысы Мухаммад бен Абдулкарим аль-Исса, АКШ конгрессмени Ильхан Омар жана Улуу Британиянын Лорддор палатасынын мүчөсү Лорд Назир Ахмед бар.
Тынчтык жана өнүгүү институту (INSPAD) бир эле учурда Пакистанда жана Бельгияда иш алып барат. Уюмдун дүйнө жүзү боюнча 5 миң элчиси, 12 миңдей мүчөсү бар.
Эмине Эрдоган 2018-жылы Кыргызстан өткөргөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келип кеткен. Кырчын жайлоосуна барып, жол тыгындан кармалып калганы тууралуу окуяны кыргыз окурмандары жакшы билет. Ысык-Көлдөгү Тамчы айылындагы аэропортто жубайын Эрдоган бир жарым сааттай күтүп калганы айтылган эле.
Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган болсо жыл сайын эле эң таасирдүү он мусулмандын катарында аталып жүрөт. Анын гендердик саясаты көп жылдан бери карама-каршылыктуу пикирлерге жем таштап келүүдө.
Мындан 15-20 жыл мурун Түркияда жогорку билим алган жана социалдык чөйрөдө иштеген аялдар саны аз болчу. Аялдарга мамлекеттик мекемелерде жоолук менен жүргөнгө тыюу салынган. Эрдоган бийликке келгенден кийин бул жаатта чоң өзгөрүүлөр болду дейт айрым эксперттер.
Бирок айрым укук коргоо уюмдары болсо буга тескерисинче, Реджеп Тайип Эрдогандын учурунда аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулук кескин өстү деп белгилейт.
Эрдоган бийликке келгенден кийин Үй-бүлө жана аялдар маселеси боюнча министрлик өзгөртүлүп, Үй-бүлө жана социалдык саясат министрлиги деп аталып калды. Бул жагдай дагы активисттердин сынына кабылган.