You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жапониядагы массалык эвакуация: тайфун Кореянын дагы үшүн алууда
"Хайшен" тайфуну каптап өткөн Жапониянын Кюсю аралында 430 миң чамалуу үй электр жарыгы жок калды.
Жапон бийлиги жээктеги шаарлардан 200 миңден ашуун тургунду коопсуз жайга чыгарып кетүүгө буйрук берди. Өлкөнүн батыш префектураларындагы фабрика, мектеп, дүкөн жана ишканалар жабылды. Жүздөгөн аба каттамдары жана темир жол байланышы токтотулду.
Тайфунга Орусиянын Приморье аймагы жана Корей жарым аралы дагы даярдык көрүүдө. Дүйшөмбү же шейшемби күнү жетип келиши мүмкүн деген божомол айтылууда.
Жапониянын түштүк аралдары көздөй жылып келе жаткан "Хайшен" тайфуну жекшембиде жээкке жетти. Метеоборбордун жетекчиси Йошихиса Накамото тайфундан кийин катуу нөшөөр болуп, суу ташкыны жана жер көчкү коркунучу күчөй турганын эскертти.
"Хайшен" супертайфун деп мүнөздөлүп, секундуна 80 метр же саатына 290 км. ылдамдыкта келет
Акыркы апталарда Жапония эки ирет тайфундан жабыр тартты. Бир нече күн мурун "Майсак" тайфуну будуң-чаң салып өткөн эле. Жекшембиде жапон өкмөтү чукул жыйын өткөрдү. Премьер-министр Синдзо Абэ жарандарга кайрылып, "жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн кунт коюп аткарууну" суранды.
Тайфун жапон жээктеринде дайынсыз кеткен жүк ташуучу кемени издөө иштерин токтотту. Өткөн апталардагы "Майсак" тайфунунан кийин The Gulf Livestock 1 кемеси дайынсыз болууда. Анын бортунда экипаждын 43 мүчөсү бар эле. Азырынча үч гана кишини тирүү табышты.
"Майсактан" Түндүк Корея дагы жабыр тарткан. Жергиликтүү басылмалар кишилей чыгымдар болгонун жазды. Бирок так сандарды атаган жок.
Түштүк Кореянын Пусан шаарынан эки миңдей кишини эвакуациялашкан.
"Хайшэн" супертайфун эсептелегени менен кубаты жогору болбойт деп айтып жатышат. Ошондуктан дагы Жапониянын метеорологиялык агенттиги "коопсуздуктун жогорку деңгээлин" жарыялаган жок. Бирок жүз миңдеген кишилерди коопсуз жайга чыгарып кетүүдө. Алар тайфундун эң кубаттуу соккусу тийиши мүмкүн делген Нагасаки префектурасындагы Гото шаарынын тургундары. (AbA)