You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Түштүк Кытайдын үрөйүн учурган тайфун сүрөттөрдө
"Мангхут" тайфуну эми Кытайдын чыгыш жээктерине жетти.
Жекшембиде "Мангхут" тайфуну Кытайдын эң калктуу провинциясы Гуандунду каптады. Анын алдында табият стихиясы Гонконгго нөшөрлөгөн жаан менен ылдамдыгы саатына 200 км болгон шамалды алып келген эле.
Гуандундун 2,4 миллион жашоочусу эртелеп коопсуз жайга көчүрүлдү. Кытайдын ММКлары өлкөнүн түштүгүндө эки адамдын набыт болгонун билдирүүдө. Андан мурда Филиппинде бул шторм элүүдөн ашык адамдын өмүрүн жуткан эле.
Тайфундан улам Гонконгдо билим берүү мекемелери, соода борборлору, офистер жабылды. Жүздөгөн аба каттамдар жана коомдук транспорт токтотулду.
Гуандун провинциясында эки миллион киши коопсуз жайга чыгарылып кетти.
Катуу шамалдан көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери күбүлүп калды.
Полиция ураган мектептин алдында калган окуучу кызды куткарып алды.
Тайфундан жабыр тарткан Кытайдын биринчи шаары Цзянмынь болду. Гонконг бийлиги тайфунга байланыштуу коркунучтун эң жогорку чегин жарыялады.
Айрым райондордо суунун деңгээли 3,5 метрге чейин көтөрүлдү.
Гонконгдогу шамалдын ылдамдыгы саатына 110 км жетти. Куткаруу кызматтары 111 киши ар кандай деңгээлде жаракат алганын кабарлап жатат.
Гонконг бийлиги тургундарды үйлөрүнөн чыкпай олтурууга кеңеш берген. Бирок, баары эле ага кулак салган жок.
Метеорологдор "Мангхут" тайфунун соңку беш жыл ичиндеги аймактагы эң кыйраткыч бороон болду деп мүнөздөдү.
Филиппин бийлиги табият кырсыгы алып келген чыгымдарды эсептеп чыга элек. Каза тапкандардын көбү катуу нөшөөрдөн кийинки жер көчкү алдында калган.
Мурунку жылдарга салыштырганда, бул жолу табият кырсыгына Филиппин бийлиги алдынала даярдык көргөнүн билдирди. Ондогон аймактарга эскертүү берилип, мектептер жабылып, армия даярдыкка келтирилген.
2013-жылы болгон "Хайян" тайфуну Филиппинде жети миңге чукул кишинин өмүрүн алган эле. Анда кишилердин көбү үрөй учурган кубаттуу толкундун жээкке чабылышынан мерт кетишкен. Таклобан шаарында беш метрге жеткен толкун шаардын аба майданындагы терминалды кыйраткан.
Ишембиде «Мангхут» Филиппиндин эң чоң аралы Лусонду сокту. Бул өлкөдөгү күрүч менен жүгөрүнү эң көп өндүргөн фермалар ушул аралда. Эми анын баары суу алдында калып, түшүм жыйналбай калды.
«Мангхут» супертайфун эмес, тайфун деңгээлине түштү, бирок баары бир чоң коркунуч жаратууда.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жекшембиде Филиппинге бармак, тайфунга байланыштуу сапарын кийинки калтырды. (AbA)
.