Индиянын түндүгүндө чагылгандан жүздөн ашуун киши мүрт кетти

lightning in Kolkata, May 2020

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индияда жаанчыл мезгилинде чагылгандар көп катталат
Published

Индиянын түндүгүндө соңку күндөрү тынымсыз түшүп жаткан чагылгандан жүздөн ашуун киши мүрт кетти. Бихар штатынын расмийлери 83 киши каза болуп, жыйырмадан ашуун адам оор абалда экенин тастыктады.

Коңшу Уттар Прадеш штатында жыйырма киши каза тапты. Өлкөдө жаанчыл мезгилинде чагылгандар көп катталат. Кишилей жоготуулардан тышкары турак-жайлар дагы талкаланган. Каза тапкандардын көбү талаада иштеген фермерлер жана айыл чарба иштери менен алектенгендер болгон.

Жергиликтүү бийлик тургундарды чагылган учурунда үйдөн чыкпай олтурууга чакырды. Премьер-министри Наренда Моди аймакка жардам жөнөтүп, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Бихар жана ага коңшулаш бир катар штаттарда сентябрга чейин уланчу жамгыр сезону башталган. Бул учурда нөшөрлөгөн жамгыр дээрлик үч жарым ай токтобой, жылдык норманын 80% төгүлөт.

lightning in Kolkata, May 2020

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2018-жылы Андхра Прадеш штатында 13 сааттын ичинде 36,749 чагылган катталып, рекорддорду жаңылаган

2018-жылы Индияда 2300 кишиге чагылган тийип, каза тапкан. Улуттук кылмыштарды каттоо борборунун маалыматына ылайык, өлкөдө 2005-жылдан бери чагылгандан каза болгондордун саны жыл сайын эки миңден кем эмес болот.

Өлкөдө жумушчулардын көбү талаада иштегендиктен, башка мамлекеттерге салыштырмалуу чагылгандан каза тапкандардын саны көп.

2018-жылы Андхра Прадеш штатында 13 сааттын ичинде 36,749 чагылган катталып, рекорддорду жаңылаган.