Сиз бараткан учакты чагылган кыйратышы мүмкүнбү?
- Author, Крис Баранюк
- Role, BBC Future
- Published
Исландия баш калаасындагы аэропорттун кызматкери учакка чагылган тийген учурду сүрөткө тартып алган. Ушундай соккудан кийин авиалайнердин абалы кандай болот?

Сүрөттүн булагы, Thinkstock
Халлдор Гудмундссон офисинде олтурганда чагылган катуу чартылдап жаткан. Тим эле асманды жара тилип өтүп жатты. Ал терезеге келип телефону менен видео тарта баштаган.
Чагылган түшкөн учурду тартып алайын деген. Бирок видеого чагылган учакка тийген ирмем түшүп калат. Кефлавик эл аралык аэропортунан абакка көтөрүлгөн учакка чагылган тийген экен. Бир саамга Гудмундссондун үрөйү учуп кетти. Учак эч нерсе болбогондой сапарын улап кете берди.
"Мындай көрүнүштү карап туруу коркунучтуу, бирок кызыктуу эле",-деп эскерет Гудмундссон.

Сүрөттүн булагы, Halldor Gudmundsson
Бул окуя 3-октябрда болгон. Wow Air авиакомпаниясынын Исландия баш калаасы Рейкьявиктен Парижди көздөй багыт алган каттамындагы учакка чагылган тийген. Компаниянын өкүлдөрү Би-Би-Сиге лайнер эч кандай жабыр тарткан эмес деп ишендирди.
Компанянын өкүлү учакка чагылган тийгенден эч нерсе болбойт деп түшүндүрүүдө. Кантип эле? Ушунчалык кубаттуу энергия тийсе, эч нерсе болбойбу?
Кептин баары жүргүнчү учагынын салонуна электр тогу өтпөгөнүндө, деп түшүндүрдү Британиянын учкучтар профсоюзунун мүчөсү Крис Хаммонд.
"Учактын сыртында капталган атайын сетка бар,-дейт ал. -Бул бүтүндөй лайнердин сыртына оролгон электро өткөргүч марли сыяктуу".
Буга кошумча бардык электроника, тутумдук байланыштар жана бензин куючу жай сырткы электр разряддардан бекем корголгон. Авиалайнер колдонууга берилердин алдын баары текшерүүдөн өтөт.
Чагылган учактын мурду жагынан уруп, куйрук жагы аркылуу чыгып кетет. Ал эми анын салонуна эч нерсе болбойт. Бирок жүргүнчүлөргө чагылган тийген учурда бир нерсени сөзсүз сезет.
Учактар бекем корголо элек учурда башкача эле. Хэммонд мындай абалга Сан-Франциско аэропортунда кабылган. Чагылган тийип, "бүт экрандар көз ирмемде өчүп кайра жанган" деп эскерет ал. Бактыга жараша ал учурда авиалайнерлер аналогдук башкарууда эле. Компьютерлер өзүнө келгенге чейин Хэммонд кол менен башкарып, учакты жерге кадимкидей кондурган. (AbA)
Макаланын түп нускасын англис тилинде BBC Future сайтынан окуңуздар.































