You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Путиндин Financial Times гезитиндеги маеги: негизги тезистер
Россиянын президенти Владимир Путин Осакадагы "Чоң жыйырмалыктын" саммитинин алдында британдык Financial Times гезитине маек курду. Редактор Лайонел Барбер жана FT москвалык бюросунун башчысы Генр Фой менен болгон маекте Путин алдыдагы саммит, АКШ жана Кытай менен болгон мамилелер, Сириядагы операция жана Сергей Скрипалды ууландыруу сыяктуу маселелерге токтолду.
Дональд Трамп жөнүндө
"Трамп мырза, ал карьердик саясатчы эмес, дүйнөгө жана АКШнын улуттук кызыкчылыктарына анын өзүнүн көз карашы бар. Мен, мисалы, анын проблемаларды чечүү боюнча көп ыкмаларына макул эмесмин. Бирок, билесизби, бул жерде кеп эмнеде? Ал таланттуу адам. Шайлоочу андан эмне күтүп жатканын кыраакылык менен сезет".
Кытай жөнүндө
"Бизге бир жакка киргендин зарылдыгы жок, башка бирөөнө каршы саясат кылыштын ого бетер кереги жок. Биз Кытай менен саясатыбызды башка бирөөнө каршы жасап аткан жокпуз. Биз жөн гана кызматташтыкты өнүктүрүү планыбызды ишке ашырып жатабыз".
Түндүк Корея жөнүндө
"Түндүк Кореянын өзүнүн коопсуздугу жөнүндө мыйзамдуу кооптонууларына сый-урмат менен мамиле кылыш керек. Ошондой урмат сый көргөзүү менен Түндүк Корея өзү ишене тургандай коопсуздукту табыш керек. Эгер иш ушундай болсо, ишенип койгула, кырдаал бүгүнкүдөн таптакыр башкача болот".
Сириядагы операция жөнүндө
"Биз мен ойлогондон да көп иш аткардык. Биринчиден, Россияга келүүнү пландаган көп сандагы согушкерлерди жок кылдык. Сөз Россияга же биз менен визалык режими жок коңшу өлкөлөргө баргысы келген бир нече миң адам жөнүндө болуп жатат. Биринчиси, экинчиси да биз үчүн бирдей коркунучтуу.
Экинчи: канткен күндө да бизге географиялык жагынан жакын турган өлкөдө кырдаалды туруктуу кылууга жетиштик. Бул абдан маанилүү. Биз муну менен Россиянын өзүнүн коопсуздугун камсыз кылдык. Бул үчүнчүдөн.
Төртүнчү: биз бул региондогу өлкөлөр менен жакшы мамилелерди түздүк, Жакынкы Чыгышта биздин позициябыз жакшырды. Иран жана Түркия эле эмес, бул региондогу башка өлкөлөр менен дагы биздин абдан жакшы, иштиктүү, өнөктөштүк мамилебиз бар.
Венесуэла жөнүндө
"Мен биздин америкалык өнөктөргө көп жолу айттым, ал жакта биздин аскер жок. Түшүнөсүзбү? Адистер бар, инструкторлор бар, алар иштеп атат. Жакында эле менимче ал жактан биздин кеңешчилер менен адистердин тобу чыгып кетти. Бирок бир топ убакыттан кийин кайра барышы мүмкүн.
Биздин айрым бир келишимдерибиз бар, кээде биздин учактар барат, машыгууларга катышат, болгону ошол. Биз эмне башкалар жасагандай козголоңчуларды уюштуруп жатабызбы же Мадурону ишин жетектеп жатабызбы? Ал баарын өзү башкарып атат. Жакшыбы-жаманбы, бул башка кеп, бирок биз баа бербейбиз".
Британия менен мамиле жөнүндө
"Менин оюмча, Россия да, Улуу Британия да биздин мамилелерди бүт форматта калыбына келтиргенге кызыкдар. Кандай болгон күндө да, мен кандайдыр бир кадамдар болот го деген үмүттөмүн. Мэй айымга ого бетер жеңил болот, ал кете турганын жарыя кылбадыбы, эми ички саясатка алаксыбай, эмне туура, маанилүү жана керек болсо, ошону жасай алат".
Скрипалдын ууландырылышы жөнүндө
"Негизи эле, чыкынчылык - дүйнөдөгү эң чоң кылмыш, чыккынчылар жазасын алыш керек. Мен Солсбериде болгондой кылып жазалоо керек деп айтпайм. Бирок чыккынчылар жазасын алышы керек.
Скрипаль ансыз деле жазасын алды. Ал камалып, тийиштүү мөөнөтүн отуруп чыкты. Жазасын алды. Анын кызыга тургандай эчтекеси деле жок эле. Кандай кызыкчылык бар эле анда? Ал жазасын алган, кармалып, камалып, беш жыл отуруп чыкты. Андан кийин аны кое беришти, бүттү.
Чыккынчылык жөнүндө айтсак, ал жазасыз калбаш керек. Бул эң жийиркеничтүү кылмыш".
Россидагы олиграхтар жөнүндө
"Бизде олигархтар азыр жок. Бийликке жакын болуп, байлык топтогон адамдарды олигарх дейт. Бизде жеке менчик ири компаниялар, мамлекеттин үлүшү бар компаниялар бар. Бирок мен бийликке жакын болуп, кандайдыр бир артыкчылык алып иштеген ири компанияларды билбейм. Андайлар бизде чынында жок".
Мураскор жөнүндө
"Мен 2000-жылдан бери эмне ойлоп жүргөнүмдү эчтеке кошпой туруп эле айтайын. Кырдаал өзгөрүп турат, адамдарга болгон талаптар да өзгөрөт. Акыр аягында, мен муну бултактатпай эле түз айтайын, эң акырында чечимди Россия эли өзү кабыл алат".
Либералдык идеялар жөнүндө
"Мен баарынын оозун жаап, байлап-матап, жаап-таркатып, камаганды жактабайм. Албетте, жок. Либералдык идеяны жок кылыш мүмкүн эмес, анын жашоого укугу бар. Керек болсо аны кайсы бир жагынан колдош керек. Бирок аны бүт баарынан абсолюттук үстөмдүк кылганга укугу жок, кеп ушунда".