Индия-Кытай чек арасы: 45 жылдан бери биринчи жолу кан төгүлдү

Сүрөттүн булагы, AFP
Индия бийлиги Кашмирге жакын жердеги Ладакх провинциясында кытайлык аскерлер менен болгон кагылышуудан 20 аскери каза тапканын кабарлады.
Индия-Кытай чек арасындагы бул чөлкөмдө соңку 45 жылдан бери биринчи жолу аскерлер каза тапкан окуя катталып олтурат. Индиянын аскерлери Галван өрөөнүндөгү кагылышуудан үч аскер каза тапканын билдирген. Кийин алган жаратынан дагы бир нечеси өлгөн.
Индиялык басылмалар эч ким октун үнүн укпаганын жазып жатышат. Болжолу индиялык аскерлер "катуу сабалган болушу мүмкүн" деген пикирлер бар. Муну ырастаган эч кандай расмий булактар жок. Бирок соңку учурларда чек аранын ушул сызыгында эки тараптын аскерлери мушташа кеткен окуялар көп болгон.
Индиялык басылмалар жоготуулар эки тараптан тең бар деген маалыматты жазышты. Бирок Кытайдын армиясы аскерлер арасында жоготуу жок деп билдирди. Кытай менен Индия ортосундагы чек ара тилкеси өтө начар демаркация болгон. Чек арага жакын жерде дарыя, көл, бийик тоо кыркалары географиялык абалы татаал экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирине бетме-бет келип калган учурлар көп болот.
Индия тарап эки өлкөнүн коргоо министрлери чыңалууну басаңдатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлады. Кытай тарап муну ырастап, бирок Индияны мамлекеттик чек араны бузду деп айыптады.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь басма сөз жыйынында индиялык аскерлер чек ара сызыгын эки жолу мыйзамсыз кесип өтүшкөнүн айтты. Ошол эле маалда Индия дагы Кытайды келишимдерди бузду деп айыптады.

Сүрөттүн булагы, Press Information Bureau
Индия менен Кытай 1962-жылы дал ушул аймактагы жер тилкелерди талашып, согушкан. 2017-жылы Кытай талаштуу жерде жол кура баштаганда эки тараптын чек арачылары жаңжалдаша кеткен. Бирок 45 жылдан бери эки тарап тең бир дагы ок чыгарган эмес.
Индия менен Кытай чек арага май айында бир нече миң аскер күчтөрүн жайгаштырды. Дели бул чөлкөмдөгү 38 миң чарчы километр индиялык аймакты Кытай оккупациялап алган деп билдирген.
Анализ
Сутик Бисвас, Би-Би-Си

Соңку апталарда чөлкөмдөгү эки өлкөнүн тең аскер күчтөрү чыгарылып кете баштаганын индиялык журналисттер кабарлап жатат. Бийликтер чыңалууну басаңдатууга болгон күчүн жумшоодо. Ошондуктан индиялык аскерлердин өлүмү көптөр үчүн күтүүсүз окуя болду.
Тараптар акыркы жолу бири-бирине ок аткан учур 1975-жылы болгон. Анда өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Аруначал-Прадеш штатындагы окуяда төрт индиялык аскер каза тапкан эле.
Соңку кагылышууда кырдаалды курчутпоо үчүн чара көрүүгө аракет кылып жатышат. Бирок мунун кесепети кандай болгон күндө дагы Индияда антикытайлык маанайдын дагы күчөшүнө алып келет. Ошондой эле Моди башында турган индиялык өкмөт үчүн сырткы саясаттагы олуттуу сыноо болуп калмакчы.































