Кытай менен Индия чек арачылары мушташты

A Chinese soldier and an Indian soldier at their shared border in 2008

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай менен Индия чек арасындагы талаштуу жер тилкелери үчүн араздашып келет
Published

Индия менен Кытайдын ондогон чек арачылары мушташа кеткен. Жети кытайлык жана төрт индиялык аскер жаракат алганы кабарланууда.

Окуя Сикким штатындагы Нату-Ла чек ара бөлүгүндө болду. Бул аймак Гималайда, деңиз деңгээлинен 5 миң метр бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү аскер башчылары жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эки өлкө чек арасындагы 3400 чакырым боюнча талашып келет. Көп учурда эки тараптагы чек арачылары бири-бирине таш ыргытып, түртүшүп дагы китешет.

Индия менен Кытай 1962-жылы дал ушул аймактагы жер тилкелерди талашып, согушкан дагы болчу. 2017-жылы Кытай талаштуу жерде жол кура баштаганы үчүн эки тараптын чек арачылары кагылышып кеткен эле.

Эки мамлекет тең тоолуу аймакка чек ара күзөтчүлөрүн жайгаштырганы менен, эки тарап кырк жылдан бери ок чыгара элек. Бирок чек арачылар бири-бирин түртүп, мушташып, таш ыргыткан учурлар көп эле катталат.