Түштүк Кореянын 1980-жылдардагы “концлагерлери”

    • Author, Бугеун Жун
    • Role, BBC Korean
  • Published

Хан Жоң Сун карындашы менен уурдалганы азыр деле эсинде. Ал 1984-жылы, сегиз жашында атасы менен шаарга бара жаткан эле. Атасынын шашылыш иштери чыгып, балдарын полиция бекетине беш мүнөткө калтырып кеткен.

Ошондо эки баланын өмүрү толугу менен өзгөрдү.

"Полиция бекетинин алдына автобус токтоду. Бизди бирден түртүп, ичине киргизишти. Полиция офицери шоопурга көз кысты да, ал эшикти жаап туруп айдап кетти. Бизди каякка алып кеткенин билбейбиз. Атабыз полиция бекетинен чыкпагыла деп айткан эле. Ыйлаганыбызга карабай, айткандарыбызды укпай коюшту",-деп эстеди Хан отуз жылдан кийин.

Автобус балдарды "Хунги Бокживон" аттуу жеке менчик борборго алып барган. Бул жерде жетим, кароосуз калган балдарга көмөк көрсөтүлчү. Чынында, бул борборлор "концлагердин" бир түрү эле.

Эскертүү: үрөй учурган окуя.

Бул борлордон аман чыккан балдар 1970-80-жылдары талаада, заводдо бекер иштешкенин. Балдарды каалаган учурда сабашып, зордуктап, шарты жок имаратта кармалганын айтышкан.

Бирок бул борбор аталган "концлагер" тууралуу дүйнөгө көп маалым эмес.

Хан менен карындашы болсо үч жыл бою бул борбордо кармалып, өмүр бою психологиялык жардам алып келишти.

"Коомду тазалоо долбоору"

1980-жылдары Түштүк Кореянын экономикасы тез өсүп, 1950-жылдардагы жарандык согуш калтырган кыйынчылыктарды жеңип өткөндөй сезилген.

Өлкө 1986-жылы Азия оюндар, 1988-жылдары Сеул шаарында Олимпиада оюндарын өткөрүп, өлкө өзүн өнүккөн мамлекет катары дүйнөгө көрсөтүп жаткан.

Бирок экономикалык өсүүнүн артында кара так бар эле. 1981-жылы президент Чон Ду Хван өкмөткө кат жолдоп, "кароосуз көчөдө тентип жүргөндөргө каршы чара көрүүгө" буйрук берген.

Бул буйруктун негизинде өкмөт кароосуз калгандарды кармап туруу үчүн борборлорду ачууга мүмкүнчүлүк алган. Алардын көбү жеке менчик колдо болчу. Ал эми селсаяктарды кармап бергени үчүн полиция айлыгына кошумча акча алчу.

Селсаяктар, мүмкүнчүлүгү чектелген кишилер, жетим калган балдар, айрым учурда аты-жөнүн тастыктай албай калган кадыресе жарандар дагы "коомду тазалоо долбооруна" кирген.

Бул борборго жөнөтүлгөндөр эң көп дегенде бир жыл кармалышы керек эле. Бирок айрымдар андан кыйла көп мөөнөткө кармалып, 1987-жылы борборлор жоюлганда гана үй-бүлөсүнө кайтып келген. Ошол жылы отузга чукул бала борбордон качып чыгып, чындыкты айтып бергенден кийин өлкөдө чуу чыгып, борборлор жабылган.

Түрмөдөгүдөй турмуш

Чой Сеуң Ву 13 жашында "Хунги Бокживон" борборунда жөнөтүлгөн. Ал мектеп үйүнө басып бара жатканда кармалып, уурдалган болчу.

"Полиция кызматкери мени токтотуп, сумкемден нан алып чыкты. Мен аны үйдөн мектепке алып кетип, жарымын калтырып койгон элем. Полиция мени уруп, нанды каяктан уурдадың деп кыйкырып баштады. Полиция бекетине алып барып, ширеңке менен айрым жерлерин өрттөп, чыныңды айт деп кыйнады. Мен ооруга чыдабай кетип, уурдадып, токтотчу деп жалындым",-деди ал Би-Би-Сиге.

Он мүнөттөн кийин Чой Сеуң Вуну автобуска отургушуп, борборго алып кетишкен. Ал беш жыл бою "Хунги Бокживондо" кармалган. Ал жерде аны сабашып, айрым учурда зордукташыптыр.

Борбордо армиядагыдай эле тартип орногон. Чой аскер бөлүгүнө кошулган. Анын башчысы дагы бар эле.

"Аскер бөлүгүнүн башчысы кийимимди чечип, муздак суу куйду. Уйкум келип, көз илинип кетсе, чуркап келип тепкилеп, зордуктап кетти. Үч күн катары менен кыйноого алды. Андан кийин мени башка аскер бөлүгүнө которушту. Мындай учурда чыдабай, өлүп калгандарды дагы көрдүм",-дейт Чой.

Борборго сегиз жашында келген Хан баарынан эң жаш эле. Ал борборду "тозок" деп мүнөздөдү.

"Мага көк түстөгү көйнөк менен шым, бут кийим жана ич кийим гана беришти. Киринип алууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан биттеп кеткен учурлар көп болду. Тамакка сасып кеткен балыкты беришчү, күрүчү дагы эскирип калган эле. Азык-түлүк жетишсиз болгондуктан баарыбыз арык, араң басат элек. Бир керебетке төрт киши жатчубуз. Узунунан батпай, көп учурда төртөбүз тең капталыбыздан, бүктөлүп уктачубуз. Күн сайын бирөө жыныстык зордуктоо кабылганы тууралуу угуп турчубуз",-дейт Хан.

Балдардын көбү борбордон качып кетүүгө аракеттенген. Бирок жети метр бийик болгон дубалдан секирип өтүү өтө эле татаал эле. Ал эми качууга аракеттенип, бирок кармалып калгандар өлүм жазасына туш болчу.

Ата-энелер балдарын издеп, полиция кайрылган учурлар көп эле болду. Бирок мындай учурда полиция арыздарга көңүл бурбай коюшчу. 1980-жылдын ортосунда Түштүк Кореяда борборлордо кармалган балдар сабалып, өлтүрүлүп жатат деген ушак тарады.

Чойдун атасы дагы балдарын издеп полицияга кайрылган. Бирок полициядан майнап чыкпагандыктан, ал "Хунги Бокживон" борборуна өзү келип, эшикти каккылап, балдарымды артка бергиле деген талап койгон. 1986-жылы "Хунги Бокживон" Чойдун атасын тынчытуу үчүн аны жана анын инисин бошоткон.

1987-жылы "Хунги Бокживон" борборун ачкан Парк Ин Гуң камакка алынып, борбор жабылган эле.

Борбордон бошогондон кийин турмуш өз нугуна түшкөн жок. Чой психологиялык жардам муктаж болгон, иниси болсо 2009-жылы өз өмүрүн кыйыптыр.

"Көчөгө чыксам эле өзүмдү селсаяк катары элестеткем. Көчөдө жүргөндөр мени кароосуз калган бала деп ойлосо керек деген көз караштан арыла албай кыйналдым. "Хунги Бокживон" борборунда кармалгам деп айтсам, менден алыс болууга аракеттенишет. Өкмөт бизге селсаяк деген ат койду, коом аны кабыл алды",-дейт Чой.

Хан болсо атасы менен карындашы менен байланышты жоготкон. Көрсө анын атасын дагы селсаяк катары камакка алышыптыр. 2007-жылы Хан жакындарын ооруканада көрүп калган. Алар дагы деле психологиялык жардам алып жатыптыр.

1987-жылы оппозициядагы партиянын иликтөөсү, мындай борборлордо 12 жылдын ичинде беш жүзгө чукул киши каза тапканын ашкерелеген. Ага карабастан азыркыга чейин адам өлтүрүү беренеси менен эч ким соттоло элек.

"Хунги Бокживон" борборун жетекчиси Парк эки жарым жылга, өкмөттүн субсидияларын туура эмес багытта колдонгону үчүн соттолгон. Ал 2016-жылы карып көз жумган.

2018-жылы "Хунги Бокживон" борборун тергөөгө алган прокурор армия жана өкмөт тараптан кысым болгонун айтып, Парк кыска гана мөөнөткө абакка кесилиш керек деген буйрук бергенин айткан экен.

Ошол эле жылы Түштүк Кореянын прокурору элдин алдына чыгып, кечирим сурап Жогорку Соттон ишти кайрап карап чыгууну өтүнгөн.

"Өмүр бою кандай күнөө кылып ушундай тагдырга туш болдум деп өзүмдү жемелеп келем. Эмнеге менин турмушумду талкалап салышты? Мен өкмөттү эч качан кечире албайм. Эгерде алар дыкат тергөө жүргүзүп, эмне болгонун коомго ачык айтып берип, жабыркагандардан кечирим сураса, мен дагы кечирүүгө аракет кылмакмын",-дейт Хан.

Сүрөттөрдү "концлагерде" аман калган Хан Жон Сун тарткан, Давих Сурия редакциялаган.