Карантин учурунда байыган ага-ини

Published

Карантин учурунда миллиондогон ата-эне балдарын үйдөн чыгарбай туруунун ар түрдүү ыкмаларын колдонду. Күн жылыганда көптөр балдарын үйүнүн короосуна чыгарып, кызыктырып турууга аракеттенди.

Он жаштагы франциялык ага-ини болсо үйүнүн короосунда ойноп жатып, баалуу кенч таап алышты. Парижде жашаган франциялыктар карантин чаралары киргизилет деп айтылганда, өлкөнүн түштүк-батышындагы Вандом шаарчасындагы үйүнө көчүп кетишкен эле.

Ата-энеси айласы кеткенде балдарын короого чыгып дарактардан, эски шейшептерден чатыр жасап ойногула деп айтыптыр. Балдардын алтымыш жаштагы атасы чоң эненин эски шейшептерин алсаңар болот деген экен. Балдар эч ким кирбей калган бөлмөдөн эски шейшепти тапканда, анда "эки оор буюм оролуп турганын" көрүшкөн.

Жаш балдар ага деле көңүл бурбай, короого чыгып чатыр тигишкен. Бирок ошол күнү эки оор буюмду тапканын атасына айтышкан.

Атасы оор буюмду бычак салынган кутуча деп ойлогон экен. Бирок сүрөткө тартып, жергиликтүү аукцион борборуна кайрылган. Көрсө, балдар эки алтын куйма таап алышыптыр.

Салмагы бир килограмм болгон алтын куйманын бирөө 43800 долларга бааланууда. Эки алтын куйма 1967-жылы сатып алыныптыр. Документтери дагы бар экен.

Кенчти таап алган балдар атасынан бассейн куруп берүүнү сурап жатышат.