Уханда кайрадан коронавирус, Нарында төрөтканадагы кызматкерлерден Covid-19 аныкталды

Published

Кытайда коронавирустун жаңы учурлары аныкталды. Анын ичинде вирустун биринчи очогу болгон Ухандан беш кишиден Covid-19 табылды. 3-апрелден бери Ухандан бир дагы учур каттала элек болчу. Бийликтин маалыматына караганда, жуктуруп алгандардын баары бир турак-жай комплексинде жашагандар.

Кытай жаңы катталган учурлар саны кескин төмөндөгөндө карантин чараларын алган эле. Бирок көптөр кишилердин эркин кыймылы илдеттин тарашын күчөтөт деп кооптонушкан. Жекшембиде Гирин провинциясынын Шулань шаарынан 11 жаңы учур катталды. Кечээ бул шаарга карантин киргизилди. Шаар тургундарына үйдөн чыкпоо эскертилди. Азык-түлүк үчүн гана чыкса болот. Ал эми коомдук транспорт токтотулуп, шаардан чыгууга тыюу салынды.

Азырынча инфекцияны жугузган булак белгисиз дейт дарыгерлер. Эгерде аймактын географиялык жайгашкан жерин эске алсак, Гирин провинциясы Орусия жана Түндүк Корея менен чектеш аймакта. Ошондуктан инфекцияны жумушчу мигранттар алып келиши да мүмкүн.

Кыргызстан: Нарында алты медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

Кыргызстандын Нарын облусунда алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Саламаттыкты сактоо расмйилери дарыгерлер коргонуу чараларын толук сактабаганын айтты. Өлкө боюнча ушуну менен COVID-19 диагнозу аныкталган медицина кызматкерлеринин саны жалпы 241 кишиге жетти. Алардын ичинен 186 бейтап айыгып чыккан. Коронавирустан бир дарыгер каза тапты.

Бир сутка ичинде СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды. Алардын эң көбү, жети учуру Бишкек шаарында. Нарында жетөө, Жалал-Абадда үч, Чүй облусунда бир учур белгилүү болду.

Өлкө боюнча вирус аныкталгандар саны 1037ге жетти. Стационарда 316 киши жатат. Алардын төртөө реанимацияда. 709 киши ооруканадан чыгарылган. Бейтаптардын ичинен он эки киши көз жумду.

Кыргызстанда Covid-19 вирусун жуктуруп алгандардын дээрлик төрттөн бири медицина кызматкерлери. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде, дүйнө жүзү боюнча вирус жуктуруп алгандардын 16 пайызын медицина кызматкерлери түзөт.

Орусиялыктар жумушка кайтат, Путин берген "каникул" бүттү

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн киргизилген каникулдун мөөнөтү бүттү деп жарыялады. Ал жалпысы болуп алты аптага созулду.

"12-майдан тарта бүт өлкө боюнча жана экономиканын бардык тармактары боюнча жумушсуз күндөрдүн мөөнөтү жыйынтыкталды. Бирок эпидемия менен күрөш жыйынтыктала элек. Анын коркунучу сакталып турат. Кырдаал салыштырмалуу жакшы делген аймактарда дагы коркунуч бар",-деди президент Путин.

Мындан кийинки чектөө чаралары тууралуу эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрү чечим кабыл алат. Москванын мэри Сергей Собянин изоляция режимин майдын соңуна чейин узартууну чечти. Ушундай эле кадамга өлкөнүн башка региондору дагы барууда. (AbA)