Индияда он алты мигрант поезд алдында калып каза тапты

Migrant workers deboard from a special train that arrived from Nasik during a government-imposed nationwide lockdown as a preventive measure against the COVID-19.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Индиянын батышында кеминде он алты жумушчу мигрант товардык поезд алдында калып каза тапты. Расмий маалыматка караганда, жумушчулар жолго уктап калышкан. Алар карантинге байланыштуу поезддер жүрбөйт деп ойлошкон экен.

Жумушчу мигранттарды тебелеп кеткен товар ташыган поезд болгон. Индиялык NDTV телеканалы билдирген маалыматка караганда, трагедия таңкы беште Махараштра штатындагы Аурангабадда болду. Алдын ала маалымат боюнча мигранттар Мадхья-Прадеш штатына баратышкан. Поезд алар рельстердин үстүнө уктап калган учурда капыстан келген. Машинист сигнал басып, эскертип, чукул токтотуу аракетин көргөн, бирок катуу келаткандыктан дароо токтой албай, уктап жаткан жумушчуларды тебелеп кеткен.

Тирүү калган жумушчулардын айтымында, алар өлкөдө коронавируска байланыштуу карантин кирип, чектөөлөр болуп жаткандыктан поезддер жүрбөйт деп ойлошкон. Ошол себептүү түн киргенде темир жолдун үстүндө түнөп калышкан экен.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Твиттердеги баракчасына жазып, темир жолдогу трагедияда каза болгондор боюнча аза күтүп жатканын билдирди. Жаракат алгандарга жана каза болгондордун үй-бүлөсүнө бардык тийиштүү жардам көрсөтүлөт деп кабарланды.

Мигрант жумушчулардын поездге тебеленип каза табышы өлкөдө чоң нааразылыкты туудурду. Ал эми тийиштүү мамлекеттик органдар темир жолдогу трагедияны иликтөөгө киришти.

Индияда коронавирус жайылып баштаганда бүт өлкө боюнча тоталдык карантин киргизилип, шаарлар ортосунда жүргүнчү транспорту бүт токтоп, чоң шаарларга сырттан келип иштеп жаткан мигранттар туруктуу иши жок калган. 24-мартта ишканалар баары жабылганда көптөгөн мигранттар ачкадан өлбөш үчүн өздөрүнүн кыштактарына кетип башташкан.

Ушул айдын башында чектөөлөр жумшарып баштаганда, өкмөт мигранттар өзүнүн үйүнө атайын поезддер же автобустар менен кайтса болот деп билдирген.

Бирок ага чейин эле жана андан кийин дагы он миңдеген жумушчулардын үйлөрүнө жөө жалаңдап кеткенден башка аргасы калган эмес.