Covid-19: Индия соту "Таблиги Жаамат" лидерин киши өлтүрүү боюнча айыптады

"Таблиги Жаамат" диний кыймылынын өкүлдөрү Индиянын 17 штатында 1023 кишиге коронавирусту жуктурган деп айтылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Таблиги Жаамат" диний кыймылынын өкүлдөрү Индиянын 17 штатында 1023 кишиге коронавирусту жуктурган деп айтылууда
Published

Айрым өлкөлөрдө тыюу салынган "Таблиги Жаамат" диний кыймылынын лидерине киши өлтүрүү боюнча айыптар коюлду. Полициянын айтымында, Мухаммед Саад Кандалви коронавирустун коркунучу боюнча эки жолу эскертүү алганына карабастан, март айында Индиянын баш калаасы Делидеги мечитте чоң жыйын өткөргөн.

Бул чогулушка катышкандар коронавирустун өзүнчө очогуна айланып, Индиянын 17 штатындагы 1023 кишиге Covid-19 вирусун тараткан деп кабарланууда. Жергиликтүү медиа вирусту жыйынга катышканы келген чет өлкөлүктөр байкабай алып келгенин жазышууда.

Economic Times, India Today сыяктуу басылмалар "Таблиги Жаамат" уюмунун жыйынына 36 кыргызстандык дагы катышканын кабарлашты.

Мухаммед Саад Кандалви жана "Таблиги Жаамат" диний кыймылы айыптарды четке кагышты. Дели шаарынын полициясынын айтымында, диний уюмдун лидерине "билбей киши өлтүрүүгө" барды деген айып коюлгандыктан, ал күрөө төлөп түрмөдөн чыгып кете албайт.

Учурда Саад мырза өзүн изоляцияда кармап жатат. Индиянын коопсуздук кызматкерлерине ылайык, "Таблиги Жааматтын" жыйыны 3-мартта башталып, Индия өкмөтү 24-мартта катаал карантин чараларын киргизгенден кийин деле улана берген.

Paramilitary personnel seen at the cordoned off entry route to the Tablighi Jamaat's Alami Markaz Banglewali Masjid building on day twenty of the 21-day nationwide lockdown in India

Сүрөттүн булагы, Hindustan Times

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индия 22-мартта коменданттык саат киргизген

Бирок диний кыймыл Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 22-мартта коменданттык саат киргизгенден кийин жыйындын катышуучуларын үйүнө кетүүгө чакырганын билдирди. Бул маалда Индиянын көп аймактарында карантин киргизилгендиктен жана чет мамлекеттер чек араларын жаап салгандыктан, жыйындын айрым катышуучулары үйүнө кете албай калган. 24-мартта Индиянын бийлиги коронавирус коркунучунан улам автобус, поезд жана башка коомдук транспорттордун баарын токтоткон.

"Таблиги Жаамат" жыйын өткөргөн мечитте жүздөгөн адам жашай алган жатакана дагы бар. Диний кыймыл өз кезегинде айрым катышуучулар үйүнө кете албай калганын полицияга кабарлаганын, медицина кызматкерлери менен тыгыз иштегенин да билдирди.