You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дүйнөдө жер титирөө аз катталып калды. Буга эмне себеп?
Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер Covid-19 вирусунан улам катаал чараларды киргизди.
Учурда унаалар, поезддер, учак каттамдары токтоп турат, заводдор жабылып, миллиарддагандар үйдөн чыкпай отурушат. Бул Жер планетасынын кыймылына таасир этүүдө.
Кыймыл токтоп калгандыктан Жер кыртышындагы вибрациялар кескин азайды. Жердин салмагы алты миллиард триллион тонна экенин эске алганда, бул адаттан тыш көрүнүш.
Бельгиядагы Королдук обсерваториянын окумуштуулары биринчилерден болуп Жер азыраак титиреп калганын байкашкан. Бул көрүнүш дүйнөнүн ар башка тарабында катталды.
Непал, Франция жана Кошмо Штаттарындагы сейсмологдор айырманы байкашып, адаттан тыш көрүнүшкө таң калганын билдиришти.
Непалдын окумуштуулары Жердин титирегени азайып калганын төмөнкү графикада көрсөтүштү.
Аба тазаланды, океан тынчыды
Covid-19 вирусу менен күрөшүүдө кабыл алынган чаралар дүйнөдөгү жаратылышка таасир этип жатканы талашсыз.
Спутниктен тартылган сүрөттөр абада зыяндуу делген азот диоксиди азайганын далилдейт. Бул зыяндуу газ унаа, автобус жана заводдордон бөлүнүп чыгат.
Дүйнөдөгү кымгуут шаарлар дагы тынчыганы байкалды. Чоң шаарлардагы, океандын түбүндөгү үндөрдү изилдеген окумуштуулар айырма бар экенин айтышууда.
Сейсмологдордун жаңы изилдөөсү Жер толугу менен титиребей калды дегенди билдирбейт. Бирок азыраак титиреп калганы окумуштууларга жагымдуу жаңылык болду. Себеби чоң шаарлардан чыккан үндөрдөн улам Жердин кыртышынан чыккан добушту угуп, изилдөө жүргүзүү абдан татаал.
"Жер кыртышына жөнөтүлгөн сигнал тоскоолдуксуз артка кайтып келип жатат. Демек, көбүрөк маалымат чогултса болот",-дейт сейсмологАнди Фрассетто.
Окумуштуулар көчөдөгү унуулардын азайганы, тыгындар жок болгону алардын изилдөөсүнө чоң жардам болуп жатканын айтышууа.
Албетте, адамдын кыймылы мезгилге карата өзгөрүп турат. Мисалы, кышында кыймыл азайганы байкалат. Бирок окумуштуулар мындай өзгөрүүнү мурда байкабаганын айтышууда.
- Дүйнөнү дүрбөлөң түшүргөн коронавирус
- Covid-19: дарыгерлер желим баштык, лыжага кийген көз айнекти колдонуп жатабы?
- Коронавирус катталбаган өлкө: Түркмөнстан бийлигинин айткандарына ишенсе болобу?
- Карантин бизнес менен экономиканы бууду. Чын эле ушундайбы?
- Карантин эрежесин бузгандарга кайсыл өлкөдө кандай чара көрүлүүдө?