Дүйнөдө коронавируска кабылгандар бир миллиондон ашты

Кыргызстандын бир топ аймактарына коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын бир топ аймактарына коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген
Published

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын бирөө каза тапты. 61 жаштагы бейтап райондук ооруканада дарыланып жаткан.

Коронавируска каршы республикалык штабдын соңку маалыматына караганда, дагы жаңы катталган тогуз учур болду. Жалпысы болуп СOVID-19 вирусуна жуктуруп алгандар саны өлкө боюнча 125 деп айтылат расмий маалыматта.

Жон Хопкинс университетинин эсептөөсү боюнча дүйнөдө коронавирус аныкталган кишилер саны бир миллиондон ашты. АКШ пандемиянын очогуна айланууда. Бирок өлүм-житим мурдакыдай эле Европада жогору.

Эксперттер реалдуу сандар мындан көп болушу мүмкүн экенин эскертүүдө. Анткени жогорудагы сандар дарыгерлер аныктаган учурларга гана мүнөздүү.

Вирус жайылып баштаган бир жарым ай мурун 100 миң киши аныкталган болсо, 76 күн ичинде жарым миллионго жеткен. Ал эми акыркы аптада эле эки эсеге көбөйүп, бир миллионго жетти.

Соңку маалыматтарда Covid-19 менен ооругандар саны дүйнөдө 1,1 млн, ал эми өлүм-житим 53 миң деп көрсөтүлдү. Ошол эле маалда 210 миң киши айыгып кеткен.

Пациент во Флориде

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Учурда эң эле көп катталгандар АКШда - 243,4 миң бейтап. Өлкөнүн турмушу шал абалында, америкалыктардын дээрлик 90 пайызы үйүнөн чыкпоо тууралуу эскертүү алышты.

Бейшембиде америка бийлиги зарылчылыктан улам көчөгө чыгууга туура келсе, бетиңерди жаап жүгүлө деп эскертти.

"Кеп бул жерде жүздү жаап жүрүү тууралуу болуп жатат. Балким жоолук, моюн орогуч. Өзүңүз үйдөн деле атайын жасап аларсыз",-деди Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио.

Ушундай эле сунуш менен Лос-Анжелес мэри жана президент Дональд Трамп дагы кайрылуу жасады.

Бирок президенттик администрациянын коронавирус менен күрөшүү боюнча координатору Дебора Брикс социалдык аралыкты сактоодо беткаптын ордун эч нерсе алмаштыра албасын айткан.

Нью-Йорктун ооруканалары бейтаптарга толду. Бул шаар АКШдагы коронавирустун очогуна айланган. Шаарда бир нече талаа госпиталдары иштеп жатат.

74 жаштагы америкалык дарыгер жана Билл Фишер "Твиттер" баракчасына "космоско учканда дагы мынчалык кабатыр болбогонун", "эртеңки күн үчүн түйшөлүп жатканын" жазган.

Өлүм-житим вирус жуккандардын беш пайызын түзүп жатканы айтылды.

Жоготуулар саны боюнча эң алдыңкы өлкө Италия бойдон калууда. Коронавирус аныкталган 115,2 миң бейтаптын 14 миңи каза тапкан. Бирок расмийлер акыркы күндөрдөгү жоготуулар саны өзгөрүүсүз калып жатканын айтып, эң жогорку чектен өттүк деп билдирүүдө. (AbA)