Коронавирус тездик менен жайылууда жана жоготуулар саны өстү

Published

Коронавирус дүйнөгө тездик менен жайылууда жана жоготуулар саны акыркы апталарда эки эсеге өстү, деп эскертти Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус.

Гебрейесус бул тууралуу Женевадагы онлайн аркылуу өткөн басма сөз жыйынында билдирүү жасады. Учурда дүйнө лидерлери жана расмий кишилер карантин чараларын сактап, жыйындарды интернеттин жардамы аркылуу уюштуруп жатат.

Соңку беш аптадан бери жаңы жуктурган учурлар тездик менен өсүп жатат, деди Гебрейесус. "Алдыдагы бир нече күндүн ичинде вирусту жуктургандар саны бир миллионго жетет жана жоготуулар 50 миңге барат".

Кыргызстанда 2-апрелде эрте менен берилген маалыматка ылайык, COVID-19 вирусун жуктуруп алган жаңы беш учур аныкталды. Өлкө боюнча жалпысы болуп 116 киши жетти.

Эң көп жоготуулар АКШда болуп жатат. Акыркы суткаларда 884 киши көз жумган. Азыркы маалда америкалыктардын 80 пайызы карантинге алынды. Ири шаарларда көчөлөр бош калып, тургундарга үйдөн чыкпоо катуу эскертилди. Эпидемиянын очогу Нью-Йорк бойдон кала берүүдө.

Европа өлкөлөрү мурдакыдай эле оор кырдаалда турат. Франция менен Испанияда шаршембиде өлүм-житим көп катталды. Буга чейин көз жумгандар саны көп болуп жаткан Италидяда жоготуулар бир аз басаңдаган. Акыркы суткада 727 бейтап көз жумганы белгилүү болду.

НАТОнун тышкы иштер министрлери телеконференция режиминде жыйын өткөрөт. Негизи маселе коронавирус пандемиясы болот. Бирок Украинадагы кырдаал, Грузия менен кызматташуу жана Ооганстан, Ирактагы окуялар талкуланат деп күтүлүүдө. (AbA)