8-Март: Аялдардын эл аралык күнүндө теңчиликти талап кылган жүрүштөр

Published

Аялдардын эл аралык күнүндө көп өлкөлөрдө аялдарды басмырлоого каршы тилектештик акциялары болду.

Коронавирус эпидемиясына карабастан бул жолу дагы каршылык акцияларына көп адам чыкты.

8-Март майрамы белгиленип жатканына бир кылымдан ашык убакыт өттү. Анын башаты Англиядагы лейбористтердин кыймылынан башталат, БУУ бул күндү эл аралык майрам деп тааныган.

Испанияда бир нече каршылык акциялары болду. Мадриддеги жүрүш феминисттер тарабынан өткөрүлдү, алар ишке алууда, аборт маселесинде чечим кабыл алууда теңчиликти жана аялдарга зомбулукту токтотууну талап кылышты.

Британияда коронавирустун жайылуу коркунучунан улам көп акциялар вируталдык режимде өткөрүлдү, бирок Лондондогу аялдардын укуктарын коргоо боюнча жүрүшкө көп адам чыкты, анын ичинде актриста Натали Дормер да жүрдү (саргылт шарфчан).

Индонезиянын баш калаасы Жакартада көчөгө жүрүшкө чыккан аялдар эмгек тармагында аялдарды эркектерден кем караган дискриминациялык мыйзамдарды жоюну талап кылышты.

Берлинде жүздөгөн аялдар феминисттик акциянын алкагында шаардын борборунан велосипед менен өтүштү.

Түркия менен Грециянын чек араларынын кесилишинде демонстрацияга чыккан аялдар Аялдардын эл аралык күнүндө чек арадан жол ачууну талап кылышты. Бул жакта чек арадан өтүүгө аракет кылган миңдеген качкындар грек полициясынын ур-токмогуна кабылууда.

Бангладештеги аялдар майрамдын урматына Даккада баскетбол мелдешин уюштурушту.

Пакистандын көп шаарларында фундаменталисттердин коркутуп-үркүтүүлөрүнө карабастан аялдардын тилектештик жүрүштөрү өттү. Исламабаддагы акцияга чыккандар аялдарга зомбулук көрсөтүүнү токтотууга чакырган плакаттарды көтөрүп баратышты.

Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте тилектештик маршына чыккан аялдарга маска кийген адамдар кол салышты, ондогон аялдарды полиция кармап кетти.

Аялдар кыймылынын активисттери өлкөдө аялдардын укуктарын коргоо кедерине кетип жатканын айтып жатышат.

Беларуста аялдар майрам күндү "Сулуулук чуркоосу" менен белгилешти. Алар чуркоо алдында дене-боюн жазып гимнастика жасап жатышкан учуру.

Мадридде Сол аянтына чогулгандар кострюль менен сковородканы койгулашып, ураан чакырышты.