You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Баскетбол жылдызы Коби Брайант тик учак кырсыгында каза тапты
"Лос-Анжелес Бейкерстин" мурдакы баскетболчусу Коби Брайант Лос-Анжелестин жанында тик учак кыйраган кырсыкта каза тапты. Анын менен кошо 13 жаштагы кызы Джанна жана борттогу жети адам курман болду.
Тик учак Калабасас шаарына жакын жердеги бөксө тоолордо кырсыкка учурады, Кырсыктын себептери азыр белгисиз. Куткаруучулар тик учак кыйраган жерге дароо эле жетип барышты, бирок аман калган адам табышпады.
Азырынча тик учак каяктан учуп чыкканы жана каякка баратканы так белгисиз.
Брайант Sikorsky S-76 тик учагын көп пайдаланчу, кээде аны менен Ньюпорт-Бичтен чыгып, "Лейкерстин" мачтарына учуп барчу. Күбөлөрдүн айтымында, тик учак кыйрап түшөрдөн мурда анын мотору өчүп калганы угулуптур.
Жергиликтүү округдун шерифи "Твиттерге" кырсык болгон жердин сүрөтүн жарыялады.
Коби Брайант убагында баскетболдун тарыхында эң мыкты оюнчулардын бири болуп таанылган. 41 жаштагы баскетболист өзүнүн карьерасында бүт "Лейкерс" үчүн ойногон. Ал спорттон 2016-жылы кеткен эле. 20 сезондо Брайант чемпиондук титулду беш жолу, олимпиадалык оюндарда АКШнын курама командасында ойноп, эки жолу алтын медаль жеңип алган болчу.
Ал ошондой эле баскетбол жылдыздарынын ичинен MVP ("эң мыкты оюнчу") сыйлыгын төрт жолу жеңип алган бирден бир оюнчу болуп эсептелет.
Брайант "Кымбат баскетбол" кыскаметраждуу анимациялык фильм үчүн "Оскарга" татыктуу болгон.
Коби Брайант эмнеси менен эсибизде калды
АКШнын улуттук курама командасы менен бирге Брайант эки жолу, Бээжин жана Лондон Олимпиадасында чемпион болгон.
Көптөгөн спорттук сыйлыктарынан тышкары "Оскар" алган. Сыйлыкты 2018-жылы баскетбол тууралуу кыска метраждуу анимациялык тасма үчүн алган.
Режиссер Клен Киндин "Кымбат баскетбол" тасмасы Брайант спорттук карьерасын жыйынтыктаган учурда жазылган ырга негизделген. Мультфильмдин тексттин баскетболчу өзү окуган.
Коби Брайант 8 жана 24 санында ойноп, карьерасын жыйынтыктады. Спортчу кеткенден кийин клуб ушул эки номерди тең колдонбой турган болгон.
*