Кой-Таш окуясы: Жээнбеков камакка алынды
Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу жарыяланар замат эле дагы бир саясатчы камакка алынды. Кечээ кечинде оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековду Ички иштер министрлиги суракка чакырып, убактылуу кармоочу жайга камаганы белгилүү болду.

"ИИМдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштө кылмыш жаза кодексинин 244-беренесинин 2-бөлүгү (Барымтага алуу) менен жана 264-беренесинин 1-2 жана 3- бөлүктөрүнө ылайык (Массалык баш аламандыктарды уюштуруу) кылмыш иши кылмыштарды жана жоруктарды каттоо бирдиктүү реестрине катталган. Аталган кылмыш ишинин алкагында 2019-жылдын 12-декабрында кылмыш жаза кодексинин 244-беренесинин 2-бөлүгүндөгү барымтага алуу жана 264-беренесинин 1-2-жана 3-бөлүктөрүнө ылайык массалык баш аламандыктарды уюштургандыгы боюнча кылмыш жасагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын кылмыш жана процессуалдык Кодексинин 98-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин мурдагы депутаты 1970-жылы туулган Жээнбеков Равшан Бабырбекович Бишкек ШИИББнын убактылуу кармап туруучу жайына камакка алынды. Аталган кылмыш иши боюнча тергөөнү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө",-деп маалымат таратты Ички иштер министрлиги.
Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгон.
"Мен ошол жерде өзүм аралашып жүрдүм. Албетте, жаман нерселер да болуп жатканын көрүп калып жаттым. Бирок, жакшы нерселерди да көрдүм. Себеби, ошол атайын кызматтардын балдарын кээ бир балдар сабап кетип жатса коргогон көптөгөн балдарды көрдүм. Тийгизбей жаткан балдарды да көрдүм. Жарадар болгон балдарды сыртка алып чыгалы деп аракет кылып жатканда, көптөгөн жигиттер келип жардам берип, атайын кызматтын балдарын көтөрүп чыгып эшикке алып чыгып жатканын көрдүм. Атайын кызматтын балдарына келип күч колдонобуз десе, бейбаш балдардан аларды коргоп төшүн тосо койгон балдарды көрдүм. Ким күнөөлүү болсо табылышы керек. Туура эмес иш кылган болсо, мыйзам бузган болсо, кылмыш кылса жооп бериши керек. Бирок, бардыгын күнөөлөп, бардыгы террорист, кылмышкер деген саясатты мамлекет, укук коргоо органдары жүргүзбөгөнгө аракет кылышы керек",-деген эле Р.Жээнбеков буга чейинки Би-Би-Сиге берген маегинде.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
"Мисалы, мен ошол Атамбаевдин үйүндө атайын кызматтын кишилеринин бардыгын колго алып алганда бардым. Эч ким эч кимге баш ийбейт. Ар кандай топтогу жакшы дагы, жаман дагы, бейбаш дагы, аябагандай патриот, адилеттүү дагы балдар жүрдү",-деген ал.
Мурдакы президент Атамбаев кеминде беш кылмышка катышы бар деп шектелип, аны 27-июнда Жогорку Кеңеш аны экс-президент макамынан ажыраткан. Башкы прокуратура өз кезегинде бул чечимди колдогон корутунду чыгарган. Мурдакы президентти күбө катары суракка чакыруу ошондон кийин башталды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны суракка күч менен алып келүү учурунда ок атылып, тополоң болуп, бир жоокер окко учуп, милициянын начальниги оор жаракат алган, ондогон киши жараланган.




























