You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Францияда кош бойлуу келинди иттер талап өлтүрдү
Франциянын түндүгүндөгү Вилле-Котере шаарчасына жакын жердеги токойдон 29 жаштагы кош бойлуу келиндин сөөгү табылды.
"Элиза Пиларскиге иттер тиш салып, башынан-аягына чейин соо жери жок",-деди прокурор Фредерик Трин. Ал көп кан жоготуп, ошондон көз жумганы белгилүү болду.
Полиция кылмыш ишин козгоп, аймактагы аңчылыкка колдонулган 93 иттин ДНК анализин алып, экспертиза жүргүзүүдө. Экспертиза жыйынтыгы менен келинге тиш салган иттин ээсин дагы аныкташат. Элиза Пиларски баккан беш иттин дагы ДНК анализи иликтенип жатат.
Кош бойлуу келиндин үрөй учурган окуясы коомчулукту катуу сестентти. Жүздөгөн кишилер Элизанын "Фейсбук" баракчасына пикир калтырууда.
Тергөө маалыматына караганда, жекшембиде Элиза Рец токоюна иттери менен сейилдеп келген. Ал өзүнүн таанышына чалып, ага бир үйүр чоочун иттер кол салганы жатканы тууралуу кабарлаган.
Таанышы токойго жеткенче, келинди иттер талап, өлтүрүп кеткен экен.
"Аны издеп жүрүп, унаасын таптым. Андан кийин жар тарапты көздөй баратып, отуздай итти көрүп, артка тарттым",-деп айтып берген Кристоф франциялык BFMTV каналы.
Элизанын жети айлык боюнда бар эле.
Шейшембиде Le Courrier Picard басылмасы ошол күнү токойдо бугуларга аңчылык кылгандар жүрүшкөнүн жазып чыкты. Иттер ошол аңчылардан бөлүнүп калгандар болушу мүмкүн.
Жергиликтүү аңчылардын бири Анжела Ван Ден Берге жекшембиде аң улоо болгонун ырастады.
"Бирок биздин иттер бул үрөй учурган окуяга тиешеси жок экенин ишенимдүү айта алам",-деди ал.
Жаныбарларды коргоо фондун жетектеп келе жаткан актриса Бриджит Бардо өлкө бийлигине кайрылып, бул сезондогу аңчылык лицензиялардын баарын артка чакыртууга үндөдү.
Рец токойу 13 гектар аянтты ээлейт. Анда бугу, элик, түлкү сыяктуу жаныбардын бир нече түрү байырлайт. (AbA)