You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бир эле айылда он экинчи ирет акча салынган баштык табышты
Англиядагы Блэкхолл Кольери деген айылдагы көчө жээгинен ири суммадагы - 2000 фунт стерлинг табылды. Муну атайын калтырып кетишкен деп болжоого негиз бар. Табылган каражатты жергиликтүүлөр дароо эле полицияга жеткирип берген. Полиция дагы, детективдер бул сырдуу акчанын дайынын билбей келет.
2014-жылдан тарта жалаң 20 фунт акча бирдиги салынган ири каражатты тургундар көчөдөн, дарбазадан таап алган учурлар катталып келүүдө.
Полиция Дарем графтыгындагы тургундарды, почта жана банк кызматкерлерин, офистерди сурап, бир дагы илинчек таба албады. Акчада манжанын изи дагы калган эмес.
Полиция Блэкхолл Кольери тургундарын чынчылдыгы үчүн алкады. Анткени табылган акчаны бирөө дагы кымырып алган эмес. Баардык учурда полиция бөлүмүнө алып келип беришет. Кийин полиция ким таап алса, кайра ошого кайтырып берет.
Блэкхолл Кольери тууралуу
- 5 миңдей киши жашайт
- Мурда бул шахтерлордун айылы болгон. Бирок 1981-жылы шахта жабылып калган.
- Азыр тургундардын көбү коңшу айылдардагы байланыш түйүндөрүндө иштешет.
Констебль Жон Форстер бул жылы эле төртүнчү ирет ушундай каражат көчөдөн табылганын айтты.
Бул айылга тынымсыз ташталып келе жаткан бул акча аймактагы орточо айлык акы менен барабар. Айталы, Британиядагы орточо айлык 2019-жылы 2416 фунттан жогору деп көрсөтүлгөн. (AbA)