You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Түркмөнстандагы кризис жана "канаты жулунган" жарандык коом
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
- Published
Жекшембиде Түркмөнстандын президенти жөнүндө Интернетке жайылып кеткен жаман кабарлар төгүндөлдү. Бердимухамедов жөнүндө такталбаган маалыматты чыгарып жиберген адам, Москвадагы Евразия проблемаларын мониторинг кылуу борборунун директору, политолог Аслан Рубаев кечирим сурады. Түркмөнстан сыяктуу жабык өлкөдө маалыматтын чын-бышыгын тактоо журналисттер үчүн оор маселе экени дагы бир жолу билинди.
Би-Би-Си Түркмөнстандан чыккан окумуштуу, журналист, азыркы учурда Прагадагы Карлов университетинин Эл аралык изилдөөлөр институтунун докторанты Огулжамал Язлиева менен маектешип, бул өлкөдөн маалымат алуунун кыйынчылыгын, андагы элдин жашоо турмушу жөнүндө сурады.
О. Язлиева: Түркмөнстандан келип жаткан маалыматтарды тактап текшерүү чынында эле журналисттерге оор. Анткени жабык өлкө, цензура, баары катуу көзөмөлдө.
Би-Би-Си: Соңку убакта Түркмөнстанда финансылык, экономикалык кризис, азык-түлүктүн каатчылыгы жөнүндө көп жазып жатышат. Бирок чыныгы кырдаалды тактоо чынында эле кыйын болуп жатат.
О. Язлиева: Түркмөнстанда азык-түлүккө чоң кезек күтүүлөр болуп жатканын Европада көп эле маалымат каражаттары жазышты. Менин байкашымча, алар маалыматты текшерүү мүмкүнчүлүгү жоктугунан өздөрүнүн кабарчыларына жана базалык мүмкүнчүлүктөрүнө таянып маалымат берип жатышты. Бирок кээде бул проблеманы бүт өлкө боюнча азык-түлүк жетпей, ун, май, кант каат болуп жаткандай жазып жиберишти.
Албетте, финансылык кризис бар, анын таасири региондордо эле эмес, чоң шаарларда да сезилип жатат. Супер маркеттеги азык-түлүктү сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетпеген адамдар, үй-бүлөлөр көп болуп жатат. Азык-түлүк бар, бирок кымбат.
Ал эми мамлекет өзү өндүргөн азык-түлүк, албетте, арзан, ошондуктан аларга суроо-талап көп болуп, кезек күтүү көп болуп жатканы да ошондон.
Мен өлкөнүн ичиндегилер менен байланышып, жашоо кандай болуп жатканын сурап кызыгып турам. Баш калаанын өзүндө башында мындай проблема бар экенин билишкен да жок. Анткени, өлкөнүн ичинде бул проблеманы эч ким чагылдырбайт, сыртка маалымат чыгаруу чектелген.
Би-Би-Си: Жаратылыш ресурстарына бай өлкөдө финансылык кризис эмнеден чыгып жатат?
О. Язлиева: Менин оюмча Түркмөнстан газ, мунай сыяктуу жаратылыш байлыктарына бай өлкө болгон менен азыр газды сатуу кыйынчылык жаратууда. Россияга газ сатууну калыбына келтирүү боюнча январда сүйлөшүүлөр болду. Иранга сатылып жаткан газдын баасын бычууда проблемалар болду. Тийиштүү бүтүмгө келе алышпагандыктан, сатылган газ да аз, пайда да аз болуп жатат. Азыр газды сатып алган негизги канал Кытай болуп жатат. Бул биринчи себеп, өлкөнүн экономикасы газга байланганын унутпашыбыз керек.
Экинчиден, экономиканы башкарган тажрыйбалуу адистердин жетишпегендиги кризистин бир себеби деп ойлойм. Ниязовдун убагында билим берүү тармагына жакшы көңүл бурулбай, проблемалар көбөйүп кеткенин билебиз. Ошонун кесепетинен эми тийиштүү адистер жетпей жатат.
Чет өлкөдө иштеп жаткан жаш түркмөн адистер бар, бирок алар кайтып келе алышпайт, ал эми кайтып келгендерине иш жок. Бул жерде башка өлкөлөрдөй эле коррупция чырмаган.
Би-Би-Си: Чакан жана орто бизнеске мамлекеттен кандайдыр бир колдоо барбы?
О. Язлиева: Бул финансылык кризисти шарттап жаткан үчүнчү проблема. Чакан жана орто бизнес жакшы өнүгүп кете албай жатат. Ырас, бул багытта өкмөттүн өзүнчө саясаты бар, керек болсо өлкөнүн медиа тарыхында биринчи жолу ишкерлер үчүн өзүнчө газета ачышты. Бирок ошол эле убакта бардык маалымат каражаттарына туташ көзөмөл болуп жатат.
Жеке менчик бизнес бар, бирок анын да проблемасы толтура. Аны ыкчам темп менен өнүктүрүү маселеси өзүнчө проблема. Бул жерде баягы эле коррупциянын күнү тууп атат.
Би-Би-Си: Түркмөнстанда мамлекет өзүнүн жарандарын акысыз окутуу, акысыз дарылоо, жумушсуздукту жоюу сыяктуу социалдык милдеттерин кандай аткарып жатат деп ойлойсуз?
О. Язлиева: Тилекке каршы, так баа бериш кыйын. Анткени статистикалык маалыматтар жарыяланбайт. Ар кандай булактардан алынган маалыматтар жумушсуздук деңгээли жогору экенин көрсөтүүдө. Жумушсуздук деңгээли өзгөчө региондордо жогору. Ал жактан жумуш издеп борборго келишет. Борбордон иш таппагандар чет өлкөгө, биринчи кезекте Түркияга кетип жатышат.
Заманбап сапаттуу билим алуга умтулган жаңы муун өкүлдөрүндө азыр айрым бир мүмкүнчүлүктөр болуп жатат. Чет өлкөгө, анын ичинде Россияга, Украинага, Беларуска барып окугандар бар. Менин маалыматым боюнча Беларуста чет өлкөлүк студенттердин ичинде эң көбү Түркмөнстандан. Европада окуп жаткан студенттер бар.
Би-Би-Си: Мектептерди материалдык-техникалык камсыздоонун, мугалимдерди социалдык колдоонун көрсөткүчү кандай?
О. Язлиева: Азыр техникалык жактан жакшы камсыз болгон заманбап мектептер көп курулуп жатат. Мектептер менен катар бала бакчалардын, университеттердин имараттарын курууга көп акча жумшалууда. Бирок мен муну жетишсиз деп ойлойм. Билим берүүнүн деңгээлин көтөрө турган адистерди даярдоо керек. Студенттерди ар кандай саясий иштерге алаксыткан учурлар көп.
Мугалимдерге келсек, мен алган маалыматтар боюнча аларга мамлекет берген эмгек акы канааттандырарлык деңгээлде, бирок жашоонун кымбаттап жатканын эске алганда жетиштүү эмес деп айтсак болот.
Би-Би-Си: Авторитардык жабык өлкөлөрдө саясий кырдаал туруктуу болуп көрүнгөн менен акыры бир күн жарылган учурлар болот эмеспи. Эл менен бийликтин мамилесине азыр кандай баа берсе болот?
О. Язлиева: Албетте, азыр өлкөдө авторитардык режим. Мамлекет өзүнүн саясатын демократиялык коом куруу деп жарыялаган, бирок бул куру декларация, кош стандарт.
Ɵлкөнүн саясий турмушунда активдүү катышкан жарандык коом жок, абдан пассивдүү. Анын көп себеби бар. Тарыхый себеби да бар, анткени түркмөндөр тарыхый жагынан алганда уруу-уруу болуп жашап келген, биримдик болгон эмес, азыркы доордо ошонун калдыктары сезилет.
Экинчиден, Советтер союзу кыйрагандан кийин саясий элита тандап алган курс жарандык коомду басуу болуп калды. Саясий репрессиялар 2002-жылы өзүнүн туу чокусуна жетти, эгемендик жылдары пайда болгон оппозициялык топторду бүт басышты. 2002-жылы ноябрда болгон окуялар коомдо коркунучтун терең изин калтырды.
Азыркы коомду менин баамымда үч категорияга бөлсө болот. Биринчи, Ниязовдун убагында анын "Рухнамасын" окуп үйрөнгөн муундун өкүлдөрү. Азыр ошол муун өсүп жетилди, бирок анын чектелген жагы көп. Кругозору чектелүү, азыр эмне болуп жатканын жеткиликтүү түшүнбөйт, ошон үчүн саясий турмушка активдүү катышпайт. Аларды мамлекет өзүнчө оболонуп, эч ким менен иши жок, тынч жашаганы жакшы деп ойлогон өзүнчө бир категория деп ойлойм.
Экинчи категория, жарандык эркиндиктер менен укуктарды басуу-басмырлоонун туура эмес саясат экенин түшүнгөндөр. Бирок алар өз оюн ачык айта алышпайт. Анткени алар үй-бүлөсүнүн тынчтыгын, өзүнүн жумушун ойлошот. Мисалы, журналисттерди алалы, алардын аткарган ишине Батышта күлүп жатышат. Алар эмнеге пропагандадан башы чыкпайт. Алардын башка мүмкүнчүлүгү жок.
Баарын түшүнүп, авторитардык саясатка активдүү каршы чыккан үчүнчү категория бар, бирок алардын канаты жулунган, колу байлануу. Youtube сыяктуу Интернет каналдардан алар өздөрүнүн оюн, пикирин билдирип турат. Бирок өлкөнүн ичинде алардын үнү угулбайт.
Би-Би-Си: Демек, Интернет дагы катуу көзөмөлдөнөт турбайбы?
О. Язлиева: Мамлекеттик бир эле провайдер бар. Бир эле мессенджер иштейт. Баарына көзөмөл көп. Ошого карабастан жаштар Интернеттен өзүнчө көп жолдорду таап алып жатканын айтып коюшубуз керек.