Париж: Башаламандык менен коштолгон Бастилия күнү

парад

Сүрөттүн булагы, AFP

Published

Францияда 14-июлда Бастилия күнү белгиленди. 1789-жылы 14-июлда Бастилия чебин көтөрүлүшчүлөр басып алып, француз революциясына жол ачкан. Мамлекеттик түрмөнүн да милдетин аткарган Бастилия чебин алган күн Франциянын улуттук майрамы катары 1880-жылдан бери белгиленип келет.

Баш калаа Париждин борборундагы аянтта жыл сайын аскердик парад өтөт. Ага өлкөнүн президенти Эммануэль Макрон менен жогорку даражадагы расмийлер, меймандар катышты.

Майрам күнү "сары кемселчендер" кыймылынын колдоочулары полиция менен кагылышып, 150 киши камакка алынды. "Сары кемселчендер" 2018-жылдын аягында күйүүчү май үчүн салыкты жогорулатууга каршы нааразылык акцияларды уюштурган. Учурда аталган кыймылдын өкүлдөрү президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

парад

Сүрөттүн булагы, AFP

Парадга төрт миңден ашуун аскер катышты.

парад

Сүрөттүн булагы, AFP

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Европа Биримдигинин лидерлерине кайрылып, аскердик кызматташууну күчөтүүгө чакырды.

парад

Сүрөттүн булагы, AFP

Париждеги парадга Германиянын канцлери Ангела Меркель, Нидерланддардын премьер-министри Марк Рютте жана Европа кеңешинин жаңы шайланган президенти Шарль Мишель катышты.

парад

Сүрөттүн булагы, AFP

парад

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2017-жылкы парадга АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп дагы катышкан. Андан бери Франция менен АКШнын мамилеси солгундады.

парад

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Парадда эл алдына "жетпак" аппаратчан Фрэнки Запата учуп чыкты. Ал ушундай аппараттарды чыгарган компаниянын ээси

Параддан кийин полиция менен "сары кемселчендер" кыймылынын ортосунда кагылышуулар болду.

Париж, 14.07.2019

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өрттөлгөн дааратканага өрт өчүрүү кызматы үчүн полиция жол ачып берүүдө

Коопсуздук кызматкерлери "сары кемселчендер" кыймылы парадды токтотууга аракеттенди деп билдирди.

Столкновения в Париже 14.07.19

Сүрөттүн булагы, Alamy

***