You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Экзитпол: Украинадагы парламенттик шайлоодо Зеленскийдин партиясы жеңди
Алдын ала жыйынтыкка ылайык, президент Владимир Зеленскийдин "Слуга народа" партиясы 43,9% добуш алып, биринчи келди. Экинчи орунда Орусияга жан тарткан "Оппозиционная платформа - За жизнь" партиясы келди. Жогорку Радага беш саясий партия өттү.
Шайлоо аралаш система менен жүрдү: парламенттин жарымы партиялык тизме аркылуу шайланды (225 орун), экинчи жарымы мажоритардык система аркылуу же шайлоочулар партияга эмес, талапкердин өзүнө добуш берди (199 орун). Бирок Крым менен Киев көзөмөлдөбөгөн Донбасстын айрым аймактарында мажоритардык система менен добуш берүү болгон жок.
Украин парламентинде 450 депутат бар. Беш пайыздык босого дагы болду.
Экзитполго ылайык, "Слуга народа" партиясы парламентте 126 орунду ээлейт. Демек, президент Зеленский парламентти башкарып, өзү каалаган мыйзамдарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат. "Слуга народа" партиясынын лидери Дмитрий Разумков аталган. Мыйзам боюнча Зеленский саясий партияны жетектей албайт. Зеленский партияга талапкерлерди тандоодо бардык талаптар эске алынганын, интернет аркылуу добуш берүү дагы болгонун маалымдаган. Тизмедеги алгачкы жыйырма кишинин ысымы көбүнө тааныш эмес эле.
Орусияга жан тарткан "Оппозиционная платформа - За жизнь" партиясы 11,5% добуш алып, экинчи келди. Шайлоого үч күн калганда партиянын лидери Виктор Медведчук Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан. Ага чейин Медведчук орус премьери Медведев жана "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер менен дагы сүйлөшүү өткөргөн. "Оппозиционная платформа - За жизнь" партиясы парламентте 33 орунду алат.
Үчүнчү орунда Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенконун "Европейская солидарность" партиясы келди. Порошенконун партиясы 8,9% добуш алып, парламентте 26 орунду ээлейт. Юлия Тимошенконун "Батькивщина" партиясы 7,6% алып, парламентте 22 орунду алды.
Кезексиз парламенттик шайлоо өткөргөн Зеленский
Саясатта эч тажрыйбасы жок Зеленский Украинадагы президенттик шайлоодо жетимиш пайыздан ашуун добуш берүүчүлөрдүн колдоосун алып, 2004-жылдан бери бийликте отурган Петро Порошенкону алмаштырды.
Эффективдүү президент болуу үчүн Владимир Зеленский парламенттин колдоосуна муктаж эле. Парламенттеги башкаруучу коалицияда Петро Порошенконун блогу бар болчу. Анын өнөктөштөрү жана фракциясы Зеленскийге келишкис оппозиция болуп калат деген коркунучтар бар болчу.
Зеленский президент катары биринчи кайрылуусунда Жогорку Раданы таратам деп жар салып, июль айында кезексиз шайлоо өткөрүү керектигин айткан. Эми парламенттик шайлоодон кийин Зеленский реформаларын толук кандуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Популисттик кадамбы же маанилүү реформабы?
Зеленский бийликке келгенден бери бир катар реформаларды ишке ашырып, өлкөдө кызуу талкуу жаратты. Мисалы, 24-августта өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата салттуу өтүп келген аскердин параддан баш тартарын билдирди.
Парад өткөрүүгө сарпталган каражатты аскер кызматкерлерине сый акы катары берүүнү сунуштады.
"Адатта 24-август күнү бизде аскердик парад өтөт. Ушундай шаан-шөкөттүү жана албетте, арзан эмес. Менимче, бул жылы парадка кеткен акчаларды биздин баатырларга бөлүп бергенибиз туура",- деген Зеленский видео кайрылуусунда.
"Биз 300 млн. гривенди (ред. - болжолу $ 12 млн.) сый акы катары биздин аскер кызматкерлерине бөлүп берүүнү чечтик",- деп жарыялады украин президенти.
Зеленский эгемендүүлүк күнү "жаңы форматта" өтө турганын билдирген.
Украинада аскер парады биринчи жолу 1991-жылы өлкө эгемендик алган күнү өткөрүлгөн. Соңку беш жылдан бери аскер парады такай өтүп келүүдө.
Өткөн жылы Коргоо министрлиги парад өткөрүүгө канча акча сарпталарын так айткан эмес. Көп учурда эле чыгымдалган каражаттар коомчулукка ачык айтылбайт.
Коомдук сайттарда президенттин чечими түрдүү талкууларга жем таштады. Айрымдар бул демилгени колдоого алса, кээси каршы пикирин айтууда.
Пикир айткандардын арасында өлкөнүн мурдакы президенти Петр Порошенко да болду.
"Аскер парады аркылуу эл өзүнүн аскерине сый-урматын көрсөтөт", -деп жазган экс-президент.
Зеленскийдин сунушунан кийин коомдук сайттарда жайнаган пикирлер чыгып, талкуу күчөдү.
Владимир Зеленский тууралуу
Владимир Зеленский 1978-жылы Кривой Рогдо туулган. Бала чакта төрт жыл Монголияда жашап калышат.
Анткени атасы техника илимдеринин доктору болгондуктан, ошол өлкөдө иштеп калган. Биринчи жолу мектепке Монголияда жүргөндө барган экен.
Криворож экономикалык институтунун юридикалык факультетин бүтүргөн. Бирок кесиби менен иштеген эмес.
Мектепте жүргөндө эле чыгармачыл даремети көзгө урунуп, кийин "Запорожье - Кривой Рог - транзит" аталышындагы КВН командада ойногон. 1997-жылы достору менен өзүнчө "95- квартал" аталышындагы команда түзүп кетет.
Александр Масляков менен чатакташа кетип, 2003-жылы КВН таштап кеткен. "Кечки квартал" аталышындагы жеке шоу программасын ачып алат.
"Квартал-95" 10 көркөм тасмага продюсерлик кылды. (AT)