You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Зеленскийдин "Слуга народа" партиясы шайлоого аттанды
Владимир Зеленскийдин "Слуга народа" партиясы курултайын өткөрүп, шайлоо тизмесин түздү. Президенттин партиясы Жогорку Рададагы көпчүлүк орундарды жеңип алууга умтулат.
Партиянын алгачкы курултайын өткөрүү үчүн Киевдин эң жашыл аянты - ботаникалык бакты тандап алышкан. Анын чок ортосуна чатыр тигишти.
Курултайда партиянын атынан шайлоого чыга турган талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Жүз кишинин ысымы окулду.
Тизмени партиянын лидери Дмитрий Разумков баштайт. Мыйзам боюнча Зеленский саясий партияны жетектей албайт.
Зеленский талапкерлерди тандоодо бардык талаптар эске алынганын, интернет аркылуу добуш берүү дагы болгонун айтты. Тизмеде окулган алгачкы жыйырма кишинин ысымы көбүнө тааныш эмес экен. Айрым учурда гана кол чабуулар менен коштоп турушту.
Маселен, Александр Ткаченко чыкканда, алып баруучу "дүйнөдөгү эң мыкты медиа менеджер" деп тааныштырды, чогулгандар ага дүркүрөтө кол чабышты. Ал эки жылдан бери бозгунда жүргөн олигарх Игорь Коломойскийге тишелүү "1+1" телеканалын жетектейт. Бул канал президенттик шайлоодо Зеленскийди катуу сүрөдү.
Партиянын шайлоо тизмесине грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жан Беленюк дагы киргенин курултайга чогулгандар жылуу кабыл алды. Жыйырма сегиз жаштагы Киевдин тургуну Жогорку Раданын биринчи кара терилүү депутаты болуп калышы мүмкүн.
Дагы бир кол чабуу Юрий Корявченкого болду. Ал "95-кварталдагы" белгилүү актёрлордун бири.
Юрий Корявченко мажоритардык округдан шайланып келе турган талапкер катары аталды. Талапкерлигин Кривой Рог шайлоо округунан көрсөтөт. Бул аймак Зеленский баштаган "кварталчылардын" бир катарынын кичи мекени саналат. Мажоритардык округдар боюнча азырынча башка талапкерлер тандалып жатканы айтылды. Партия лидерлери өлкөнүн бардык 199 шайлоо округунан талапкер чыгарабыз деп билдирди.
Талапкерлер дагы кошумча тандоодон өтүп, эгерде аларга нааразылыктар болсо, токтоосуз тизмеден чыгарын убада кылышты.
Украинанын Жогорку Радасына кезексиз шайлоо 21-июлда өтөт. Украин парламентинде 450 депутат бар. Алардын жарымы партиялык тизме менен келет. 5 пайыздык босого бар. (AbA)