"75чилердин каты": Прокурорлор Ташиев баштаган айыпталуучуларга тогуз жылдан абак жазасын сурады

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

29-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин иши" деп аталган иштин кезектеги соттук отурумунда жарыш сөз башталды. Отурумда прокурорлор шектүүлөргө тогуз жылдан абак жазасын берүүнү сурады.

Адвокат Икармидин Айткулов, буга чейин билдиргендей, бүгүн түшкө чейинки жараянда Камчыбек Ташиев прокурорлорду айыптан баш тартууга чакырган. Жактоочулардын баары аны кубатташкан.

Бул сот ишин судья Азирет Медеров алып барууда.

Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул кылмыш иши боюнча жалпысынан сегиз мурдагы жогорку кызматтагы аткаминер жана саясатчы айыпталууда. Аларга "бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.

Учурда айыпталуучулардын ичинен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу соттун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде эркиндикте жүрүшөт.

Ал эми калган беш шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан бери камакта кармалууда. Алар: мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.