Адам сатуу менен алектенген эң ири кылмыш тобу

Published

Англиянын Бирмингем соту адам сатуу менен алектенген өлкө тарыхындагы эң ири кылмыш тобунун мүчөлөрүнүн үстүнөн өкүм чыгарды.

Айыпталгандар бир нече кишини эмгек кулчулугуна соодалап жиберген деген шек менен кармалган. Полициянын эсебинде, кылмышкерлердин торуна түшкөн 400дөй киши Англиянын түндүк-батышында өтө оор шартта кармалган.

Аталган кылмыш тобу Польшадан аз камсыз болгон, жакыр үй-бүлөдөн чыккан кишилерди азгырып, Англияга жакшы шарттары менен жумуш убадалап, алып келип турушкан. Иш жүзүндө аларды жарыбаган акчага, өтө оор шарттарда иштөөгө мажбурлашкан. Айталы, кулчулукка кабылгандар ташталган, ураган үйлөрдө жашап иштеген.

Кылмыш тобунун сегиз мүчөсүнө акчаны адалдоо, адам сатуу жана мажбурлап иштетүү сыяктуу бир нече айып коюлуп, үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылды.

2015-жылы эки киши качып чыгып, кайрымдуулук уюмуна кайрылгандан кийин, окуя тууралуу белгилүү болгон.

Үч аял жана беш эркектен турган кылмыштуу топ Польшанын аймагынан өз курмандыктарын издешкен. Ичкич болуп кеткендер, селсаяк жана мурда түрмөдө олтуруп чыккандар алардын оңой олжосу эле.

Аларды Британияга автобус аркылуу алып келип, Бирмингем шаарына жакын жердеги ташталган үйлөрдө кармашкан. Башында паспортторун алып коюшкан. Иштеп тапкан акчаларга дагы кылмыш тобу ээлик кылган.

Жабыр тарткандардын бири жашаган жеринде суу жок болгондуктан, каналдагы сууга жуунуп жүргөнүн айтып берген.

Кулчулукка кабылгандар фермада, таштандыны кайра иштеткен ишканаларда эмгектенген. Такай көзөмөлдөп турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү аларга аптасына 20 фунттан каражат берип турган. Калган акчаны кылмышты топ өзүнө ыйгарып алган. Аларга атайын банк эсептерин ачтырып, кийин кылмыш тобу аны өзү көзөмөлдөгөн. Кулчулукка кабылгандардын жашы 17ден 65 жашка чейинки куракта.

Карыя кишилердин бири каза тапканда, изин жашырыш үчүн анын өздүк документтерин өрттөп салышкан.

Соттун эсебинде, 2012-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта кылмыштуу топ 2 миллион фунт каражат алган.

Арыздангандарды уруп-сабап, көпчүлүктүн алдында жазалашкан. Маселен, бир кишини баарынын алдында жылаңачтап, үстүнөн ылдый йод куюшуп, эгер дагы даттанчу болсо "бөйрөгун сууруп алабыз" деп опузалашкан экен. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири эмгекке жайгаштыруу агенттигинде дагы иштеп турган. Мына ошол аркылуу мажбурланып келгендерди ишке киргизишкен.

Британ бийлиги кылмыштуу топтун запкысын көргөн 92 кишинин аты-жөнун тактады. Бирок алардын курмандыгына кабылгандар саны кеминде 350 киши болушу мүмкүн деп айтылууда. Балким алар мекенине кайтып кеткен болушу мүмкүн же көрсөтмө берүүдөн коркуп жатат. (AbA)