Иркутск: Суу ташкыны беш кишинин өмүрүн алды
Орусиянын Иркутск аймагында катуу нөшөрдөн кийинки суу ташкыны беш кишинин өмүрүн алды. Жүздөгөн киши жабыр тартып, үй-жайын таштап чыгып кетти.

Сүрөттүн булагы, RUSSIAN EMERGENCIES MINISTRY IRKUTSK HANDOUT
"Медициналык жардам алуу үчүн 631 киши кайрылды. Алардын алтымыштайы балдар. Кайрылгандардын көбү ар кандай травмалар менен, ошондой эле өнөкөт оорулары козголуп, суук тийип, стресске кабылгандар. 136 киши (19 бала) ооруканага жаткырылды",-деп кабарлады Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Иркутск аймагына өзгөчө кырдаал абалы киргизилген.

Сүрөттүн булагы, MCHS Russia/TASS
Жекшембидеги маалыматтарга таянсак, 53 калктуу конушта 4197 үйдү (10415 киши жашайт) суу басканы белгилүү болду. Метеорологдор жакынкы күндөрдө Ока, Уда жана Бирюса дарыяларында суу тартылбайт деп болжоп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Эң көп жабыр тарткан аймактардын бири - Тулун шаары. Бул шаарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, суу түтүктөрү иштебей турат. Федералдык жол дагы жабылып калды. Тулунда 800 үйдү суу каптаган. Акыркы суткаларда дарыядагы суунун деңгээли бир метрдей тартылды. Бирок метеорологдор эки күн ичинде суу кайрадан көтөрүлүшү мүмкүн дейт.

Сүрөттүн булагы, EPA
Тулунга 45 миң литр таза суу жеткиришти. Бул тургундардын убактылуу керектөөлөрүн камсыздап турат деп айтылды.
Жабыр тарткандар үчүн гуманитардык жардамдар жыйналып жатат. Жапониядагы G20 саммитинен атайын рейс менен учуп келген Владимир Путин табият кырсыгы алып келген кесепеттерди жоюуга буйрук берди.

Сүрөттүн булагы, Irkutsk Segodnya/TASS

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Russian Emergencies Ministry
Суу ташкыны Иркутск аймагындагы 3,6 миң гектар айыл чарба талаасын жууп кетти. Ошондой эле кампада сакталып турган 767 тонна буудайды жок кылды дейт жергиликтүү бийлик. (AbA)
*
































