Европа: катуу ысык миңдеген кишилердин өмүрүн алышы мүмкүн

Дети в фонтане в Испании

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жума күнү Мадридде +40°C, Парижде +39°C ысык болот
Published

Батыш жана Борбордук Европада күн катуу ысып баштады. Шаршембиде Франция, Испания жана Португалияда температуралык рекорддор жаңыланды. Европанын көп аймактарында адаттагы июнда катталаган орточо температурадан Цельсия боюнча 10-15 градус жогору ысык катталууда.

Адистер аба ырайындагы мындай аномалдуу көрүнүштү - шамалдын багыты Сахарадан Европаны көздөй келип жатканы менен түшүндүрүүдө.

Видеонун түшүндүрмөсү, 1900-жылдан 2016-жылга чейинки Жер бетиндеги температуранын өзгөрүшү

Синоптиктер Европадагы 2003-жылдан берки эң ысык аба ырайы быйылкы жайда катталат деп эскертти. 2003-жылдын июль жана август айларында катталган катуу ысыктан он миңдеген кишилер каза тапкан.

"2003-жылдагы аномалдуу ысык аба ырайы Европада 70 миң кишинин өмүрүн алган... Германияда өткөн жылдагы аптаптуу жайда кеминде миң киши каза тапты",-деп жазды "Твиттер" баракчасына Потсдам университетинин климатологу Штефан Рамшторф.

Окумуштуулар бул жолу аба ырайы кескин өзгөрүп, кишилер жогорку температурага адаптация болгонго жетише элек болгондуктан, жоготуулар көп болушу мүмкүн деп кооптонууда.

Эң катуу ысык Франция менен Испаниянын айрым чөлкөмдөрүндө катталат. Шаршембиден жумга күнгө чейин термометрдин көрсөткүчү +40°C төмөн түшпөйт.

Мужчины поливают головы водой

Сүрөттүн булагы, EPA

Жума күнү Мадридде +40°C, Парижде +39°C ысык болот. Мектептердеги экзамендер жылдырылып, кондиционер жетишпеген мекемелер убактылуу жабылды.

Француз метеорологу Гийома Возницы божомолдордон улам жакынкы күндөрү температуранын абсолюттук рекорду катталат деген эч күмөн жок деп айтты. Эң ысык мезгил 2003-жылы 12-августта катталып, көлөкөдөгү температура +44°C түзгөн.

Washington Post басылмасы июндагы жаңы рекорддор Австрия, Германия жана Швейцарияда катталарын жазды. Жакынкы күндөрү бул чөлкөмдөрдө +38°C ысык болот.

Польшада апта соңунда +35°C жана +40°C ысык катталат.

Климатологдор муну глобалдык жылуулуктун кесепети катары көрсөтүүдө. Газ, көмүр жана мунайды көп иштетүү атмосферадагы парник газдарынын топтолушуна алып келди. (AbA)