"Соода жок". Балыкчынын жаңы балык базарындагы айрым соодагерлер нааразы

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

23-июнда Балыкчы шаарында мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулган 133 орундуу балык базары ачылды. Айрым соодагерлер жаңы балык базардын шарттарына нааразылыгын билдирип жатышат. Алардын айтымында, аталган базар сатуучулар үчүн ыңгайсыз болуп, ал жерде соода жүрбөгөндүктөн, ижара акысын төлөө да оор болуп калышы мүмкүн.

Би-Би-Сиге кайрылган тургун коопсуздугунан улам атын жана жүзүн жашырып, буларды айтып берди:

"Мынакей, соода жок эч кимде, киши жок. Киши келсе да, башындагы эки контейнерге кирет, болду. Балыкты кыдырып албайт да, көрүп алып эле кетишет. А бул балыкты канча киши сатат? Алар эмне болот? Сасып, чирийби?", - деди соодагер.

Соодагерлер аларга бөлүнгөн күркөлөр базардын эң четинде жайгашканын, натыйжада кардарлардын агымы бир топ азайганын айтышууда. Алар мэрге орундарды кайра карап чыгууну жана негизги жолго жакыныраак жерлерди берүүнү өтүнүп жатышат. Анткени алар жолдон өтүп бара жаткан айдоочулар жана кардарлар алардын азыктарын көрө алышат деп эсептешет.

Балыкчы шаарынын вице-мэри Нуржигит Турсунбеков жаңы балык базарын салууда биринчи кезекте сатуучуларга шарт түзүү максаты көздөлгөн дейт.

"Балык базарын салуунун негизги максаты соода кылып жаткан жарандарыбызга шарт түзүү болгон. Экинчиден, конокторубузга, туристтерибизге антисанитарияда соода кылбай, талаптарга, нормаларга жооп берген имараттын ичинде соода кылсын деген максатта багытталып салынган. Ар бирине 22 метр кв бөлүнүп, ичинде кондиционер, электроэнергиясы менен муздаткычтары, балыктарды коё турган текчелери менен орундар берилди", - деп билдирди Нуржигит Турсунбеков Би-Би-Сиге.

Шаардын жетекчилиги ижара акысы боюнча суроого да токтолду. Турсунбековдун билдиришинче, бул маселе эксперттердин корутундусунун негизинде каралган:

"Беш кол тең эмес да. Буга чейин жолдун жээгинде саткандардын бардыгын көчүрүү боюнча иштер дагы деле жүрүп жатат. Баарына орундар бөлүнүп берилген. Нааразычылыктар болбой койбойт экен. Баары биринчи катарда тургусу келет экен. Андай мүмкүн эмес. Анткени ар биринин өзүнүн орундары бар. Ижара боюнча бизде бекитилген баа бар. Ошонун негизинде бул жактан көз карандысыз эксперттердин корутундусу боюнча эң арзан бааны бекиткенбиз. Өрүк саткандар же балык саткандар деп бөлбөйбүз. Баары бирдей төлөйт. Ал жерде бир эле өрүк же балык сатып отура беришпейт, башка каалаган нерселерин жыл бою сатышса болот", - деди Турсунбеков.

Жаңы базарда балык гана эмес, мөмө жемиштер жана куруттун түрлөрү да сатылары маалымдалган. Бул долбоор туристтик потенциалды өнүктүрүү үчүн мамлекеттин эсебинен Балыкчы шаарына бөлүнгөн 1 млрд 364 млн сомдун алкагында каржыланып, ишке ашканы айтылган.