You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дрондордун чабуулу: Орусияда жана Украинада адам өмүрлөрү кыйылды
Орусиянын жана Украинанын аймактарында соңку суткада дрондордун жана ракеталардын жапырт чабуулдары катталып, эки тараптан тең адам курмандыктары жана кыйроолор тууралуу маалыматтар түшүүдө.
Орусиянын бир катар облустарында, анын ичинде Москвага жакын аймактарда дрондордун кулашынан улам жарандык объектилер жабыркап, адам өмүрлөрү кыйылса, Украинанын Харьков жана Днепр шаарларында да орус күчтөрүнүн соккуларынан каза болгондор жана жарадар болгондор бар. Ошондой эле Украина тарап Дубнадагы стратегиялык мааниге ээ космостук байланыш борборуна кайрадан чабуул жасалганын жарыялады.
Орусиядагы курмандыктар
Москва облусундагы Егорьевск шаарында дрондордун чабуулунан улам үй өрттөнүп, ымыркай каза болгону кабарланды.
Егорьевск шаарында дрон кулагандан кийин жеке менчик үй өрттөнгөнүн Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев өзүнүн телеграм-каналында билдирди.
Анын айтымында, урандылардын алдынан эки чоң киши жана эки бала чыгарылган. Ооруканага баратканда балдардын бири, алты айлык ымыркай чарчап калган.
Воробьев билдиргендей, түнкүсүн Подмосковьеде жалпысынан 60 дрон атып түшүрүлгөн.
Аймак башчысы кошумчалагандай, Дубнада административдик имарат жабыркаган, дагы бир дрон Павлово-Посад округунун Фатеево айылындагы жеке менчик үйгө кулаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул чабуулдардан эч ким жабыркаган эмес.
Тверь облусунда да дрондун чабуулунан аял каза болгону кабаланды.
Кимры муниципалдык округунда "душмандын дрон чабуулунун мизин кайтаруунун натыйжасында анын сыныктары дачадагы турак үйгө тийген", - деп билдирди облус башчысы Виталий Королев. Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен ошол учурда үйдө болгон 61 жаштагы аял каза болгон.
Белгород облусунда да украиналык дрондордун чабуулунан бир адам каза тапты.
Шебекино округунун Нижнее Берёзово-Второе айылында дрон унааны бутага алганын облустун ыкчам штабы кабарлады. Жабыркаган эки кишинин бири кийинчерээк ооруканада алган жаракатынан улам көз жумган.
Шебекинодо дрондун соккусунан дагы бир адам жарадар болуп, Белгород округунун Церковный хуторунда эки адам жабыркаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде 419 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Орусиянын аскердик мекемесинин маалыматына караганда, шейшембиге караган түнү украиналык дрондор Белгород, Брянск, Владимир, Волгоград, Воронеж, Калуга, Курск, Орлов, Рязань, Липецк, Ростов, Саратов, Смоленск, Тамбов, Тверь, Тула облустарынын, Москва регионунун, Краснодар крайынын жана аннексияланган Крымдын үстүнөн атып түшүрүлгөн.
Украинада да Орусиянын чабуулдарынан адам өмүрлөрү кыйылды
Харьков облусунда бир сутка ичинде болгон аткылоолордон төрт адам каза болуп, 24ү жарадар болду.
Өткөн сутка ичинде орус аскерлери Харьков шаарына жана облустун 29 калктуу конушуна ракеталар, башкарылуучу авиациялык бомбалар жана ар кандай типтеги дрондор менен сокку урганын, натыйжада каза болгондор жана жарадарлар бар экенин облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди.
"Аткылоонун кесепетинен төрт адам каза болду. 24 адам жарадар болду, анын ичинде эки бала бар", - деп жазды Синегубов өзүнүн телеграм-каналында.
Ал эми Днепрге жасалган соккудан каза болгондордун саны жетиге жетти.
Акыркы маалыматтарга караганда, 29-июнда Днепрге жасалган орус соккусунан жети адам каза болгонун Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди.
"Эртең менен ооруканада мурунку күнү душмандын Днепрге жасаган чабуулунда оор жаракат алган 59 жаштагы эркек киши каза болду. Дарыгерлер колунан келгенин жасашты, бирок, тилекке каршы, аны сактап калуу мүмкүн болбоду", - деп айтылат анын телеграм-каналындагы билдирүүдө.
Ганжа кошумчалагандай, каза болгондордун алтоо эркек, бирөө аял киши болгон. Жабыркаган 16 киши дагы эле медициналык мекемелерде дарыланууда.
Зеленский Дубнадагы космостук байланыш борборуна жаңы сокку урулганын билдирди
30-июнда украиналык аскерлер Москва облусундагы "Дубна" космостук байланыш борборуна кайрадан сокку урганын Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактарда кабарлады.
Соккунун натыйжалары тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Шейшембиде эртең менен Подмосковьедеги дрон чабуулдары тууралуу маалымат берип жатып, аймак башчысы Андрей Воробьев Дубнада "административдик имарат жабыркаганын" айткан болчу.
Өткөн жумада Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Дубнадагы космостук байланыш борборуна жасалган соккулар тууралуу билдирген. Атап айтканда, спутниктик байланыш үчүн колдонулган 32 метрлик MARK-IV антеннасынын аппараттык-модулдук комплексине, ошондой эле бул антеннанын жанындагы техникалык имаратка сокку тийгени айтылган.
Би-Би-Синин орус кызматынын аскердик баяндамачысы Павел Аксенов белгилегендей, Дубнадагы космостук борбор - бул «телепорт» деп аталган спутниктик байланыштын жер үстүндөгү станциясы. Ал өкмөт баш болгон ар кандай мекемелердин, ошондой эле телекоммуникациялык компаниялардын, медиалардын, банктардын жана башка мекемелердин кызыкчылыгы үчүн космостук аппараттарга сигнал берүүнү камсыз кылат. Чындыгында, бул чоң космостук антенна.
Космостук байланыш борборунан тышкары, Дубнада украиналык дрондордун бутасына айланган башка дагы объектилер бар. Мисалы, 2025-жылдын май айынын аягында Дубнада жайгашкан "Кронштадт" компаниясынын аскердик дрондорду чыгаруучу заводу жана канаттуу ракеталарды чыгарган "Радуга" заводу соккуга кабылган.