You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Журналисттин адилеттик үчүн күрөшү
- Author, Matthew Caruana Galizia
- Role, World Press Freedom Day
- Published
Эки-үч ай сайын апамдын кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзгөн коопсуздук кызматкери менен жолугам. Үй-бүлөбүз коопсуздук кызматкери менен алты жыл мурун таанышкан. Ал үйүбүзгө апамды камакка алганы келген.
Апам шайлоо күнү премьер-министрликке талапкер катары чыккан саясатчы тууралуу сатиралык блог жазган болчу. Саясатчы полицияга кайрылган экен.
Тергөөчү түн ортосунда келип, үйүбүздө тинтүү жүргүздү. Ал учурда мен дүйнөнүн башка тарабында жашачумун. Мага туш тараптан видеолорду жөнөтүп жатышты. Алардын биринде апам атамдын футболкасын кийип, түнкү саат 01:30да түрмөдөн чыгып жатканын көрдүм.
Бир нече сааттан кийин апам интернет баракчасына дагы бир сатиралык макала жарыялады. Анда жаңы шайланган премьер-министрди сындап, өзүнүн абактан чыккандан кийин сүрөтү боюнча тамашалаган.
"Менин кызыктай кийинип алганыма кечирим сурайм. Түн ортосунда полиция үйүңө кирип келсе...чачты тароо, боёнуу, туура кийим тандоо деген эстен чыгат экен",-деп жазган журналист.
Эми апамды түн ортосунда камакка алган тергөөчү апамды өлтүргөн кылмышкерди издеп жатат.
Дафни Каруана Гализия аны ажал тооруган күнү банкка барган болчу. Өкмөттүн буйругу менен анын банк эсептери тоңдурулган эле.
Ал жаңыдан 53 жашка чыгып, 30 жылга созулган журналисттик карьерасынын туу чокусунда турган.
Апамдын унаасына бомба жашырылып, ал жаңыдан ордунан жылайын деп жатканда жардыруу болду.
Өкмөт өкүлдөрү журналисттин өлүмүн ачык майрамдашкан. Бул түрк-армениялык журналист Грант Динк өлтүрүлгөндөгү окуяларды эске салды.
Башкалар апамды "уулу өлтүрдү" же "ал өз өмүрүн тобокелчиликке салды", "өзү күнөлүү" деген сөздөр айтылды. Сирияда экстремисттер америкалык журналист Жеймс Фолейди кармап, башын алганда дагы ушундай жалаа айтылган болчу.
Дафни Каруана Гализиянын өлтүрүлүшү
- 2017-жылы октябрь айы: Иликтөөчү журналист Дафни Каруана Гализиянын унаасы жардырылган.
- Премьер-министр Жосеф Мускат жардырууга "жапайчылык" деген мүнөздөмө берген. Журналисттин жакындары Малтанын лидерин топурак салууга келбесин деп суранышкан.
- 2017-жылы декабрь айы: Кылмышты ишке ашырды деп шектелген үч адам камакка алынат.
- 2018-жылы июль айы: Дафни Каруана Гализия ачыктаган коррупция боюнча иштерди иликтеген өкмөттүн атайын комитети премьер-министр жана анын жубайы "таза" деген жыйынтык чыгарган.
- 2018-жылы август айы: Дафни Каруана Гализиянын үй-бүлөсү коомдук иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Журналисттин жакындары Малтанын бийлиги кол салуунун алдын алса болмок дешкен.
Журналисттерди коргоо маанилүүбү?
"Фактылар жана пикирлер ачык айтылышы керек. Журналисттердин бар болгону эркин жана адилеттүү коом түзүүнүн олуттуу бөлүгү. Журналисттердин жардамы менен коом маалыматка бай, туруктуу болот. Башкача айтканда, өмүрүңдү берүүгө даяр болгон коом түзүлөт",-деп айткан эле менин агам.
Апам өлтүрүлгөндөн кийин түрдүү кишилердин колдоосу жана көңүл айтканы бизге тирек болду.
Чынында, мен таң калдым. "Жакшы адамдар бардык жерде бар, аларды издешиң керек" деп айткан жакын досумдун сөзү эсиме келди.
Ачык, адилетүү, адам укуктары сакталган, мыйзам алдында баары тең болгон коомдо жашоо кыялы дүйнөнүн бардык бурчунда бар. Көп учурда жаман адамдар илдет сыяктуу эле дайыма бизди коштоп жүрөрүн унутуп калабыз.
Ошондуктан атам, агам жана мен олуттуу максат койдук: адилеттикти орнотуу, апам иликтөөсүндө ачыктаган кылмыштарга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана мындай окуялар кайталанбагыдай жагдай түзүү.
Үй-бүлөбүздө тергөө иштери жай болуп жатканы тууралуу көп сөз кылабыз. Бийликте отургандар эч кыймылдабай койду.
Түркияда иликтөө жүргүзгөн журналист Угур Мумжунун балдары менен да сүйлөштү. Аны дагы унаасына бомба жашырып өлтүрүшкөн. Журналисттин балдары адилеттикке жетпей жүрөт. Алар тергөөчүгө барса, ал "колумдан эчтеке келбейт, жолубузду дубал тосуп турат" деп жооп бериптир.
Ыраматылык Мумжу мырзанын жубайы болсо, анда "дубалдагы кирпичти бирден алып, жолду бошоткула" деген экен.
Биз дагы адилеттикке жетүү үчүн ушундай ыкмага өтүшүбүз керек.
Башында болгон күчүбүздү жумшап, тез арада жыйынтыкка жетебиз деп ойлогом. Эми адилеттикке жетүү жараяны да маанилүү экенин түшүндүм.
Биз чоң өзгөрүүлөрдү талап кылып жатабыз. Адам пикирин эркин айтууга укуктуу деген жүйөө менен бийликти өз милдеттерин аткарууга түртүп жатабыз.
"Эркин эместердин" илдетине даба болуу үчүн күрөшүп, дүйнөгө үлгү болуп жатабыз.
2017-жылы Малдивдерде журналист Ямин Рашид "эркиндик - эркин аңсезимден башталат" деп айтканына беш күн болгондо аны бычактап кетишкен.
Ал "эркин ой жүгүртүүгө чектөө болсо, башка эркиндиктерди эмне кыласыз?" деген суроо жолдогон.
Апамдай эле, Рашид мырзанын өлтүрүлгөндүгү, айрым өнүккөн деп саналган мамлекеттерде "эркиндикке" чектөө бар экенинен кабар берет.
Демек, эркиндик үчүн бир гана журналисттердин жакындары же достору эмес, баарыбыз жоопкерчиликти алышыбыз керек экени калетсиз. Бул жүктү биз жалгыз көтөрө албайбыз.
Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү
- Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү 1993-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн. Ал жыл сайын 3-майда белгиленип келет.
- 2019-жылга "жалган маалымат таратуу доору" темасы аныкталган.
- Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүндө сөз эркиндиги даңазаланып, кызмат кылып каза тапкан журналисттер эскерилет.
- Өткөн жылы дүйнөдө 95 журналист өлтүрүлгөн. (Булак: Журналисттердин эл аралык федерациясы).
Бизди колдогондор көп экенине ишенем. Мисалы, саудиялык журналист Жамал Хашогжини дүйнө жүзү колдоду. Ал тирүү кезинде эле сый-урматка бөлөнгөн. Бир адамдын буйругу менен ал өлтүрүлдү.
Хашогжинин өлүмү же апамдын өлтүрүлүшү болобу, бул окуялардан кийин бийлик күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга аракеттенген жок деп айтсак болот.
Биз адилеттикти тосуп турган дубалдын биринчи кирпичин жок кылалы деп чечтик. Малтанын бийлигинен коомдук иликтөө жүргүзүүнү талап кылдык. Биз өлкөнүн эң атактуу журналистин өлтүртпөй аман алып калса болот беле деген суроо жолдоп жатабыз.
Андан кийин мен экинчи кирпичке өтөм.
Күн сайын апам өлкөнүн келечеги үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалбай койсо болмок деп ойлоном.
Бирок азербайжандык журналист Хадижа Исмаилова айткандай, "биз чынында бирөөнү жакшы көрсөк, аны болгондой кабыл алышыбыз керек. Дафни - баатыр жана жоокер болгон". Хадижа Исмаилованын камакка алынышын адам укуктарын коргонгон уюмдар акылга сыйбастык деп айтышкан эле.
Апамдын өлүмү Малта жана башка мамлекеттердеги миңдеген журналисттерди чыйралткан күч-кубат бергенин өзү билбей калды.
Келечекте башка эр жүрөк журналисттер апамдын тагдырына туш болбогондой коом курууга умтулушубуз керек.
Макаланын автору
Маттью Каруана Гализия иликтөөчү журналист, Дафни Каруана Гализиянын уулу. 2017-жылы октябрь айында Дафнинин унаасы жардырылып, курман болгон . Маттью Каруана Гализиянын твиттер баракчасы.