You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Аялдар жүрүшү: Дүйнөлүк сегиз окуя
АКШдагы аялдарга каршы зомбулукту коомчулукка жеткирген #MeToo кыймылы кыз-келиндерге эргүү берди. Бирок бул кыймылдан тышкары аялдар баштаган бир нече маанилүү окуялар болду.
Би-Би-Синин журналисттери дүйнө жүзүндө аялдар баштаган жүрүштөрдү тандап чыгышты.
Учак көтөрүлүшү
Сентябрь айында Орусиянын Аэрофлот компаниясынын эки аял кызматкери, ишкананы сотко берди. Буга эки кызматкерди салмак кошуп алганы үчүн Аэрофлот кирешеси азыраак каттамга которуп салганы себеп болду.
Дүйнө жүзүндөгү аял активисттер адамдын салмагы, келбети эмес, ар бир адамдын позитивтүү туруму маанилүү экенин айтып жатат. Бирок Орусияда аял киши ийгиликтүү болушу үчүн ал арык, сулуу жана жагымдуу болушу керек деген пикир бар.
Магурина алты жыл, ал эми Иерусалимская 19 жыл Аэрофлотто иштегенден кийин, 2016-жылы компания алардын айлыгын отуз пайызга кыскарткан. Алар бул маселени ишканада көтөргөндө, силер салмак кошуп алдыңар деген жооп алышкан.
Эки аял сотко кайрылып утуп алышкан. Аэрофлот эки кызматкерине мурдагы айлыгын калыбына келтирип, беш миң рубль компенсация дагы төлөп берген. Бирок негизгиси сот Аэрофлотту аялдын салмагын карап, иш берүүсүн токтотууга буюрду.
"Күрүч бөжөк" көтөрүлүшү
#MeToo кыймылы дүйнө жүзүндөгү аялдарга каршы сексуалдык зомбулук маселесин көтөрдү. Бирок Кытай сыяктуу бир партия башкарган мамлекетте - аялдарга өзгөрүү алып келүү жолдор чектелүү.
Бирок кытайлык активисттер эможинин жардамы менен бийликтин көзөмөлүнөн айланып өтүштү. Кытайлык кыз-келиндер бир чыны күрүч жана бөжөктүк эможисин колдонгон.
Январь айында Луо Ксиси аттуу Бээжиндин таанымал университетинин бүтүрүүчүсү Кытайдын Weibo коомдук медиа платформасы аркылуу калкка ачык кат жөнөткөн. Анда Луо университеттеги профессорлорунун бири ага ыдык көрсөткөнүн айткан.
Университет окуяны иликтеп, профессор иштен алынган. Буга окшош окуялар Кытайда көп эле болгон. Бирок коомчулук аларга көңүл деле бурган эмес. Арийне, Луо Ксисинин окуясы жаңылыктардын башкы сабында турду.
Луонун окуясынан кийин Кытайдын феминисттери жаңы кыймыл баштап, мамлекеттеги университет студенттери ыдык көргөн учурларды ачык айта баштаган.
Бирок Кытайдын бийлиги студенттерди эскертип, бул маселени башка көтөрбөгүлө деген буйрук берген. Айрым маалыматтарга ылайык, ачык каттар жана коомдук медиадагы торчолор өчүрүлгөн.
"Күрүч бөжөк" - кытайча "ми ту" (#Metoo) деп айтылат. Бул аталыш жагымдуу угулганы менен, анын артында Кытайдагы маанилүү кыймыл жана талкуу турат.
Олуттуу статистиканы бөлүшүү
1952-жылдан бери Латын Америкадан жыйырмадан ашуун кыз "Ааламдын периси" мелдешинде жеңишке жеткен. Бул аймакта аялдын сулуулугу салттуу көз караш менен бааланат. Жакыр мамлекеттерде туулуп-өскөн кыздар буга окшош мелдештерде жеңишке жетип, чоң компанияларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алат.
Бирок Перуда өткөн "Ааламдын периси" мелдешинде катышуучулар өзүнүн салмагын, бел өлчөмүн айткандын ордуна гендердик зомбулук тууралуу статистиканы айтып чыгышкан.
Мисалы, катышуучулардын бири "менин мамлекетимде аялдардын 70 пайызы көчөдө ыдык көргөн" деп айткан. Бул билдирүүлөр мелдештин уюштуруучулары менен чогуу иштелип чыкканы менен, дүйнөлүк коомчулукка күтүүсүз болду.
Айрымдар бул кадамга каршы болгону менен, көпчүлүк "Ааламдын периси" мелдешинин катышуучуларын колдоп чыгышкан.
Өзгөрүүнүн чабарманы
АКШда Валентин күнүндө Флорида аймагындагы Паркленддеги орто мектепте ок атылып, кеминде 17 киши мерт каза тапкан. Ак үйдүн алдында ондогон өспүрүмдөр курал сатууну көзөмөлгө алуу талабы менен акция өткөрүп, алар бир нече убакытка жерде сулк жатышкан.
Коомчулук курал сатууну талкууга алып жатканда, 18 жаштагы Эмма Гонзалес Кошмо Штаттардын президенти Трампка кайрылуу жасады.
"Мен ага [президент Трампка] бир суроо жолдогум келет. Куралчандардын улуттук бирикмесинен канча акча алдыңыз эле? Мен канча акча алганыңызды билем. $30 миллион! Аны 2018-жылдын бир жарым айда ок атуучу куралдан улам каза тапкандардын саны менен бөлгөндө, $5,800 болот экен. Демек, бир адамдын өмүрү ушул санга бааланабы?"
Латын америкалык Эмма Гонзалес Трамп бийликке келгенден кийин обочодо калган коомчулуктун өкүлү. Анын кайрылуусуна көптөр суктанып, эргүү алышканын билдиришкен.
Аялдын ысымын билүү
Ооганстандын коомчулугу көчөдө жүрүп аялды атынан айтышпайт. Бул мамлекетте кыз-келиндин, аялдын ысымын үй-бүлөдөн сырткары бирөө билбеши керек. Ооганстандын мыйзамдары ага тыюу салбайт, бирок коомдо бул көрүнүш маданиятка айланган.
Үлпөт тойго чакырып жатканда же өтүп кеткенден кийин мүрзөдөгү эстеликке баланчанын кызы деп жазылат. Аялдын аты аталбайт. Көчөдө баланчанын кызы, баланчанын аялы же баланчанын энеси деп кайрылышат.
Өткөн жылы ооган аялдары #WhereIsMyName же "Менин атым кана" деген кыймыл башташкан. Бул аркылуу ооган аялдары эскичил көз карашты жок кылууга умтулган.
Айтылган кыймылды Лалех Османи аттуу кыз баштаган. Ал атактуу поэттин Facebook баракчадагы эскерүүсүн окуп, анын ысымы айтылбаганын байкаган. Лалех билимдүү үй-бүлө болсо дагы, эскичил көз карашты колдоп жатканына таң калган.
Кыймылдын өкүлдөрү жергиликтүү молдо жана диний кызматкерлерди дагы жардамга чакырып, бул көз карашты өзгөртөлү деп чыгышкан.
Помада кыймылы
Индияда жайында кызыктуу көтөрүлүш жасалды. Жүздөгөн кыз-келиндер телефонго сүрөткө түшүп, ортоңку манжасынын оордуна помадасын көрсөтүшкөн. Ага "Паранжанын астындагы помада" көркөм тасмасына тыюу салынганы себеп болду. Бул кино Индиянын төрт шаарчасындагы төрт кыздын турмушу жана эңсөөлөрүн сүрөттөп берген. Индияда көркөм тасмаларды тескеген мекеме бул кино "айымдарга багытталган", "сексуалдык сценалар бар" жана "аудио порнография" деген жүйөө менен тыюу салган.
Кыймылдын аракетинен улам алты айдан кийин кино коомчулукка тартууланды.
"Паранжанын астындагы помада" тасманыны режиссеру Аланкрита Шривастава "көркөм тасмаларды тескеген мекеменин методологиясы түшүнүксүз жана эскичил. Мекеменин өкүлдөрү гендердик көйгөйлөр тууралуу эч кабары жок" деп белгиледи.
"Зордуктап кеткен эркекке күйөөгө бербе"
Араб маданиятында аял зордукталса, аны коомчулукка жарыялоодон уялышып, окуяны жашыруун кармашат. Ал себептен кылмышкерлердин көбү жоопко тартылбай калат. Андан тышкары, зордуктап кеткен эркек аялга үйлөнөм десе, мыйзамдын чегинде жоопко тартылбай калат.
Жергиликтүү активисттер ондогон жылдар бою талап кылышып, өткөн жылы Тунис, Ливан жана Иордания бул мыйзамды жокко чыгарды. Нааразылык акциялардын биринде ливандык аялдар ак көйнөктөрүн кийин алып, беттерин, денесин көкала кылып боёп жүрүшкө чыгышкан.
Аялдамадагы зомбулукту токтотуу
2017-жылы 19-июлда Кениянын соту үч эркекке өлүм жазасына тартылсын деген өкүм чыгарган. Алар аялдамада турган кызды тоноп, зордуктап кетишкен. Кылмышкерлер жаш кыз кыска көйнөк кийип турганы үчүн кол салдык деп түшүндүрүшкөн.
Соттун өкүмү Африка чөлкөмү үчүн маанилүү болду. Себеби бул аймакта коомдук траспортто аялдарга байма-бай кол салуулар болуп турат.
2014-жылы Кенияда коомдук транспортто кийими үчүн кызды зордуктап кеткен окуянын видеосу тарап, жүздөгөндөр демонстрацияга чыгышкан. Нааразылык акцияны уюштурган активисттердин #MyDressMyChoice (Менин көйнөгүм, менин тандоом) кыймылы дүйнө жүзүнө тараган.