Уулануудан сактануу үчүн “хирургдай так” болгон келемиштер

Published

Австралиянын сууда жашаган ракали аттуу келемиштери окумуштуулардын колунан келбей жаткан көйгөйдү чечти. Келемиштер уулуу бакалардын жайылышын токтотту.

Ууланып калбоо үчүн келемиштер хирурдардай эле эттин уулуу жерлерин айланып өтүп, баканын жүрөгүн жана бөйрөгүн жейт. Кызыгы баканын жүрөгү менен бөйрөгүндө гана уу жок.

Бакалар жараткан көйгөй

Уулуу бакалар Австралиянын чыгышына 1935-жылы балкамышты жеп жаткан коңуздар менен күрөшүү үчүн жаратылышка киргизилген. Мындай амфибиялар жаңы чөйрөгө бат көнөт жана тез көбөйөт. Жылына 60 чакырым аймакка чейин жылып турушат.

Уулуу бакалар жылып отуруп, 2012-жылы Австралиянын батыш тарабындагы Кимберлей аймагына жетип калышкан.

Эми бакалар аймактагы башка жаныбарларга коркунуч жаратууда. Маселен, Кимберлейдеги кескелдириктин айрым түрлөрү, крокодилдер, суусарлар уулуу баканы жеп кырылды.

Баканын уусу абдан күчтүү болгондуктан, кичинекей этин жутуп алуу дагы коркунуч жаратат. Окумуштуулардын аракетине карабастан уулуу бакалар көбөйө берип, башка жаныбарлар тукум курут коркунучуна кабылды.

Ал эми ракали келемиштери болсо, өздөрү эле баканын уулуу этин эмес, алардын жүрөк менен бөйрөгүн жеп калышты.

"Хирургиялык тактык"

"2014-жылы уулуу бакалардын жарым жартылай денелерин байкап калдык. Жакшылап көңүл бурсак, күн сайын бештей бака көрүп турдук. Алардын эти бүтүн бойдон турган, бирок курсагы жыртылып, жүрөгү менен бөйрөгү жок болгонун байкадык. Бизди таң калдырганы мунун баары хирургиялык тактык менен жасалганы. Ар бир өлгөн бака окшош жерден, курсагынан кесилген",-дейт биолог Марисса Паррот.

Окумуштуулар изилдөөсүн улантып, камераларды орнотуп, бакадагы тиштин изин анализге алып, уулуу бакаларды келемиштер жок кылып жатканын аныкташкан.

Парроттун айтымында, келемиштер ыкмасын баканын көлөмүнө жараша алмаштырып турган: чоң бакалардын жүрөгү менен бөйрөгү толугу менен алынган, ал эми уу сакталып турган өткө тийбей, төш тарапка жылдырып коюшкан.

"Орточо көлөмдөгү бакаларда жүрөк менен бөйрөктөн тышкары, баканын арткы сандарындагы уулуу тери сыйрылып, келемиштер сан этин дагы жешкен",-дейт Паррот.

Келемиштерден тышкары жыландын айрым түрлөрү же карга сыяктуу канаттуулар дагы бакаларды жейт. Бирок чоң баканы жеген канаттуулар менен жыландар өлүп калган.

Миллиардга жеткен бакалар

Ракали келемиштери саны аз болгонуна карабастан негизинен чоң бакаларга кол салган. Окумуштуулар келемиштер хирургиялык ыкманы кантип өздөштүргөнүн аныктай алган эмес.

"Балким алар буга чейин дагы уулуу жандыктарга кол салып жүрүп, окшош стратегияны кабыл алышты",-дейт Паррот.

Изилдөөчүлөр келемиштердин тактикасы башка аймактарга дагы жайылат деп үмүттөнүүдө. Автралиянын биологдору уулуу бакалардын саны бир жарым миллиардга жетти деп жоромолдошот. 1935-жылы коңуздар менен күрөшүү үчүн 101 гана бака жаратылышка кое берилген.

74 жылдын ичинде уулуу бакалар эки миң чакырым аралыкка чейин жайылды. (AT)